www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Урмат мырза, “Клара Сооронкулова калп айтып атат, мен аны сотко берем” дептирсиң, ушу боюнча өз оозуңдан уксак дедим эле?

- Клара Сооронкулова Токмок шаардык кеңешиндеги депутаттарды айтып, кылдан кыйкым издеп атпайбы. Чырлашканды каалап жатабы? “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, сотко берүү боюнча ойлонуп көрөм. Аял кишиге теңелгим деле келбейт...

- Өмүрбек Текебаевге кол көтөргөн балдар баары бир сага жакындыгы бар экени айтылууда...

- Менин үйүмдө өзүмдүн төрт эле балам бар. Эки кыз, эки эркек (күлүп)... А берки окуя боюнча токмоктуктар экен, алар барып кечирим сурагандарын мен да көрдүм. Айрымдары депутаттар болуп чыгышты.

Алар менен жолугуп сүйлөшсөм, негизи бир жерге барып митинг кылып же бирөөнү сабайлы (!) дегенден алыс болушуптур.

Тескерисинче, митингге чыккандарды ынтымакка чакыруу максаттарын көздөп жүрүшкөнүн айтышты. Ал ортодо экинчи-үчүнчү күчтөр да “ойноп” кетишти окшойт.

- А негизи Өмүрбек Текебаев жөнүндө кандай ойдосуң?

- Менин Өмүрбек Чиркешович менен эч кандай жакын мамилем жок. Жолукканда жылуу учурашабыз. Бир да жолу кайым айтышып, бир нерсени талашып-тартышкан эмеспиз.

Ортобузда чыр-чатак жок. Болгону токмоктук балдардын аралашып калганын, анан мага жабыштырып салышканы мени да ойго салып койду.

Булак: Азия News гезити

Последние новости