www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек менен Чүй облусунун аймагында жашы жете элек балдарды чет мамлекетте туруп синтетикалык баңгизат сатууга тартып жүргөндөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ага ылайык, чет мамлекеттердин биринде жүргөндөр Кыргызстандагы өспүрүм балдарга баңгизат таратууга чакыруу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн.

"Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда: парктарда, аянттарда, бак-дарактарда баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалоочулар электрондук капчык жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен катылган баңгизат тууралуу толук маалымат алышкан. Мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосундагы жеке байланыш болбогонуна жана жашыруун жерлерди колдонгонуна карабастан УКМК кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин бетин ачты", — деп жазылган маалыматта.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Бул каналдын тыштагы уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлө турганы кошумчаланды.

УКМК баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости