www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун Нур-Султанга болгон иш сапары анын минкаб катары акыркы иш сапары болуп калышы ыктымал. Себеби, биринчиден, жаңы келе турган парламент өкмөттү кайрадан шайлайт.

Экинчиден, Жапаров Сооронбай Жээнбеков президент кезинде экс-спикер Асылбек Жээнбековдун кызын Максат Жапаров деген уулуна алып берем деп жүрүп, ал президенттен түшөр менен айнып кеткен. Эми ал кызы менен башка Жапаровдун уулу үйлөнүү той өткөрөт деген каңшаар тарап жатат. Асылбек Жээнбековдун кызына уулун үйлөнтө турган Жапаров менен уулун үйлөнтпөй койгон Жапаровдун «башы бир казанда кайнайбы?»

Үчүнчүдөн, акыркы күндөрү Арзыбек Кожошевдин дымагынын көтөрүлүп баратканы Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетинде парламенттин көпчүлүгүн түзгөн түштүктөн үч гана өкмөт мүчөсү кошулганында жатпайбы? Жапаровдун адилетсиздигинен Түштүк тургундары басмырланып, жапа чегип турат. Муну калыстык менен кароо үчүн балким жаңы парламент Кожошевдин өкмөт түзүшүнө мүмкүндүк берер. Аскар Акаевдин жубайы Майрам Дүйшөновнанын учурунда таластык кушчулар бийликте конорго жер таппай калышкан. Жапаровдун өкмөтүндө башка жерге салыштырмалуу калкы Кара-Суу районунан аз таластыктар толуп алган. Түштүктүн калкы көпчүлүктү түзсө да өкмөттүн курамы 21 киши болсо 3 гана адам түштүктөн экен: Кожошев, Ташиев, Ажикеев. Биринчи орунда Талас облусунан 8: Руслан КАЗАКБАЕВ, Азамат ЖАМАНКУЛОВ, Аяз БАЕТОВ, Бактыбек БЕКБОЛОТОВ, БАКЕТАЕВ Алмаз, Улан НИЯЗБЕКОВ, Доскул БЕКМУРЗАЕВ, ОСОЕВ Эркинбек. Экинчи орунда президент туулган Көлдөн 4: Азиз ААЛИЕВ, Болот КУПЕШОВ, Аскар ЖАНЫБЕКОВ, Дастан ДОГОЕВ. Үчүнчү орунда Жапаров Акылбек туулган Нарындан 3: Жапаров Акылбек, Эдил БАЙСАЛОВ, БАЗАРБАЕВ Кудайберген. Оштон 2: Кожошев, Ажикеев. Чүйдөн эки: Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ, Данияр АМАНГЕЛДИЕВ. Жалал-Абаддан 2: Ташиев, КУТМАНОВА Динара (Тогуз-Торо). Баткенден нөл.

Төртүнчүдөн, Казакстан өкмөт башчысы Мамин минкаб Жапаровго Токтогулдан агызып суу бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.Суунун көлөмү Токтогул суу сактагычында 2021-жылдын 9-декабрына  10 млрд 822 млн куб. Агып келген суу секундуна 176 кубометр, чыгымдар секундуна 476 кубометр. Былтыр 2020-жылы  9-декабрда 13 млрд 386 млн куб болсо, 2019-жылы 9-декабрда 15 млрд 903 млн куб болгон. Былтыркыдан 2,5 млрд куб аз. Прогноз боюнча 2022-жылдын 1-апрелине карата Токтогулда суунун деңгээли 7 млрд кубга түшөт.  Жапаров болсо Токтогулдан Казакстандын түштүк тарабында дыйкандар кенен кесири сугат иштерин канааттандыруу үчүн өзү эле бөксөрүп бараткан Токтогул суу сактагычынан өзүнүн суусун берип жаткансып Казакстанга берген. Жапаровдун карамагындагы «Энергохолдингдин» айтымында: «Келишимге ылайык жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу чыгаруу иштери жүргүзүлүп, ал кышында электр энергиясы катары кайтарылды» -деп элдин башын айлантып жатат. Балким күзүндө кайтарылды деп кышында деп жазып алгандыр, анткени кышында кайтарып алгандай убакыт боло элек, кыш жаңы эле башталганда Жапаров Нур-Султанга барып жатат. Эмне үчүн Жапаров апыртып элдин башын айлантып жатат? «Кышында электр энергиясы катары кайтарылды» -деп кыш түшө электе жаздырбай: «Акчасын Казакстан берди эле «өз чама-чаркыбызга» керектеп койдук» десе туура болмок беле.

Бешинчиден, Акылбек Жапаров президент Касым-Жоомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушканда өзүн Кыргызстандын президенти катары алып жүрдү. Кыргызстандын эл мыйзамдуу шайлаган президенти бар эмеспи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости