www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Каган болуш үчүн астында баш ийген хандар болуш керек», - дейт саясат талдоочу Сабыр Муканбетов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Ары жоктордун заманы келди. Каганат болобуз деген жарма патриоттор чыкты.
«Кайсы арыңа каганат болосуң?», деп койсоң балээге каласың.
Каган деген хандардын ханы дегенди билдирет.
Каганат деп чоң, күчтүү, федеративдүү мамлекетти айтат.
Ал үчүн эбегейсиз териториядагы элдерди багынтып, алардын мамлекеттерин бир союзга кошуп алып башкарган империя - АКШ, Россия, Кытай, ж.б. сыяктуу күчтүү держава, федерация болушу керек.
Мен ошону гана айттым.
Он экинин бири жок, уй байлаарга жиби жок болсок, федеративдик эмес, кичинекей унитардык мамлекет болсок, анан кантип каганат болобуз?
Уят болобуз да - деп жатам да.
Тиги мээкайыктардын «каганатпыз» - дегенин уккан башка мамлекеттердин элдери көчүгү менен күлүп, шерменде болбосок экен деген гана аракет.
Ооба, бир кезде биздин бабалар ыраакы чыгыштан батышка карай созулган эбегейсиз аймактагы миңдеген көчмөн элдердин башын бириктирип Улуу кыргыз каганатын куруп, дүйнөнү дүңгүрөткөн экен.
Анан бүгүнкү карлик мамлекети бар, ар намысын эки миң сомго саткан, маңкурташкан кыргыздар каганатпыз десе ким болсо да көчүгү менен күлөт да.
Каганатты каган башкарат. Каган болуш үчүн астында баш ийген хандар болуш керек, бир топ мамлекеттердин биримдиги - федерация болуш керек», - дейт ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg