www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сабыр мырза, жанагы Мискенбаев деген экс-депутат тууралу. Ал эмне деп атат? Эмнеге ал айтса эле Шабдан баатырдын атындагы көчө заматта өзгөртүлүп калат. Бу кандай?

- Мискенбаев деген ким? Ал АШАга Фарид Ниязов тигип берген “ооз”. АША өзү айткандан уялып, айткысы келбеген сөздөрду Мискенбайга айттырат. “Эл үчүн иштеп, коррупциянын тамырын кыркып жатам” деп ооз көптүрүп келген АШАнын былыктары чыгып, кыргызды карызга белчесинен батырып, өзү ойда туйтунганы ачыктала баштады. Артынан чочулаган АША апрель окуясына жамынып, колдонуп десек да болот, артын жабуу аракетинде ушул теманы күчөтүп жатат. Башкача кандай айтсаң да туура эмес. Көтүн жабуу гана аракети! - Мискенбаев тууралуу айтпай, кайрадан эле АШАга кирип кеттиниз. Мискенбай тууралу айтсаңыз? - Жакшы, айтайын. Мискенбаев жана ошого окшоп, биртоп жылдан бери догурунуп, “апрель революциясына катыштык” деп дивиденд талап кылып келе жаткан “Айкөл Ала Тоо”, “Апрель байрагы” деген сыяктуу жети-сегиз коомдук уюм бар. Мискенбай ошолордун биринин өкүлү. 7-апрелден кийин, аянтта эл кыжы-кужу болуп, бир топко чейин таркабай, “биз төңкөрдүк, силер кызмат алдыңар, биз эчтеке алган жокпуз, что это такое, биз менен эсептешкиле, бизидин маселени чечкиле” деп таркабай жүргөн жоон топ пайда болду. Анан ошондо Эмилбек Каптагаев деген жердешибиздин башына “гениалдуу” ойлор келип, а кездеги убактылуу өкмөттун көчүгүн бекемдеп, идеологиясын турукташтыруу максатында бир топ иш чараларды ойлоп чыгып, Роза Отунбаеванын чечимдери менен ишке ашырган. Алардын логикасы большевиктер партиясынын логикасынан эч деле айырмасы жок. Стаханов, Зууракан Кайназарова, Таштанбек Акматовго окшогондорго колдонулгагн социалистик жарыш схемасы. Зууракан эже деле ак эмгек кылган адам. Ал киши планын 120 пайызга орундатса, башкаларга үлгү болсун деп, ал эжеге кошуп жазып, 210 пайыз аткарды деп башкаларга мисал кылып, төшүнө алтын тагып, депутат кылып, лимузинге, самолетко салды. “Таштанбек Акматовдун “ар бир жуз койу эгиз тууду, ичинен үч эм тууган үч койдун, жана жалпы баарынын козулары аман-эсен торойду, ар жүзүно жүз үчтөн козу алып берди, ушундай көргөзмөгө жетсеңер силер да жыргайсыңар ”, “Таштаке көргөн сый-ургалды силер да көрө аласыңар”,- деп, калгандарды мотивация кылган ыкманы колдонобуз деген Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү “революция кылдык, силер тактыга отурдуңар, биге да бирдемке бергиле!” деп тарабай дүргүп аткандарга калайдан медал чаап таратты. Башы иштебесе да, бозого тойгузуп, бакиевдерге каршы фас (!) дегенде, сүткө тойгон күчүкчө борсулдап үруп турган шобланы жаратты. Кийин ал ишти Фарид Ниязов менен АША катуу өздөштүрүп, Мискенбай сыяктууларды депутаттыкка чейин жеткизип, кийин место керек болгондо көчүккө тепти. Анан кайра, ары жок экен ит аякка ботко салса келип жеп, үр десе үрүп атат. Буларда намыс, ар деген жок экен. Булар эми, баягы огороддун башына карга кузгун, таранчы, чымчыкка каршы койгон чучелодон айырмасы жок. ЧУЧЕЛО да, кыскасы. Анан, ошол балит адамдар тууралуу ооздун желине коротуп, чынын айтсам, сөз козгогум деле келбейт. 90 баланын арбагын соодалап, көч үгүн калкалап өлүп атышат. Жеген аштары аш болбойт го? Мискенбаев сыяктуу желпинип, өкмөттөн кун сурап жүргөндөр жетиштүү. “Жок мен эл үчүн кылдым, мага эчтекеңердин кереги жок” деп, жексурун бийликтин кулаганына каниет кылгандар да бар.

Мисалы, менин айылдашым, кичүү болсо таякем Тоң районунун Төрт Күл айылынын тургуну Мелисовичтин эрдигин мен эч унута албайм. Чоң, военный Урал автомашиналары тумшугу менен барып дарбазаны сүзүп, окко кабылып, бир нече бала кайтыш болгондо ошо менин таякем (кичүү болсо да таяке дейсиң да) Мусаев Абил арты менен (задний холд менен) барып дарбазаны кулаткан. Кийин таажеңем, накта баатыр Абилдин мамасы, Орозакунова Жакшылык (Жакен эже) -“Сабыке, элдин баары эле орден алып атыптыр, балам, таякең эчтеке албай калды” деди. Ошондо, “эжеке (мугалимим болгондуктан таажеңе дебей эжей дейт элем), албай эле койсунчу, арты жакшы болбой атат” деген элем. Анткени, ошонун алдында Текебаевдин Ак үйдүн 7-кабатындагы Текебаевдин кабинетине кирсем Жоомарт Оторбаев экөө отурушуптур. Текебаев ордунан тура калып, “Сабыке эмгегиң бар, мобул сыйлыкты тагып койойун” деп калай медалды алып чыкты. Мен болсом, Жоомарт Оторбаевдин козүнчө “Өмүкө колуң уят болуп калат, мен албайм, уят болуп каласың, кайра салып кой, мен калай алайын деп көтөрүлгөн эмесмин, элимдин эркиндиги үчүн чыккам” дегенде Өмүрбек турган жеринде катып калып, бир аздан эсине келип, айласыздан артка кайтып, калай медалын шкафка салганы эсимде.

Эми бүгүн кандай болуп жатат! Биз жасадык! Биз кеттик! Эчтеке сураган жерибиз жок! Анан мобу “мискенбайлар” кайдан чыкты? Буларга эмне керек, булар эмне тойунбай жатат? Булар деги революционерлерби? Анда 7-апрелге чейин эмне үн каткан эмес? 6-апрель, деги эле 2014, 2013-жылдары эмнеге үн каткан эмес. Кайда жүрүшкөн? Кыргызстанда эмес беле? Эмнеге булар мародорлер сыяктуу эле бир күн чыгып коюшуп, өмүр бою кун талап кылышы керек. Биз билебиз, эл билет, булар бир күндүктөр! Ошо 7-апрель күнү эл менен, мародорлор менен кошо, кайып каскагынан ошол окуяга күбө болуп, анан төңкөрүшкө катышкандыгы үчүн акча сурап калгандарга кошулуп калгандар. Бийликке жаңыдан отуруп, тууган туушканын орноштуруу менен алек болгон Убактылуу өкмөт мүчөлөрү маселени кабыргасынан койуп, адилеттүүлүктү талап кыла турган фронтовиктерине караганда, “бозого тойгузуп койсоң, кимге болсо борсулдай бере турган” группаны түзү ниети болгондугун танып болбойт. Ошолор, кыргыздын убалына калды, Арбак урсун аларды!

Нургазы АНАРКУЛОВ,

Булак: «Майдан. kg» гезити

Последние новости