www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаров элдин кызыкчылыгы үчүн айткан сөздөрү үчүн, кылган аракеттери үчүн саясый туткун катары түрмөдө жатып, кыйноолорго кабылып, ата-энесинен, баласынан айрылып, адилетсиздиктин айынан көрбөгөн азапты көрдү, акыйкаттык менен кыйанаттыктын баркын билди, эли үчүн адал кызмат кылууга бышып-жетилди”-деген ишеним менен дээрлик жалпы кыргыз эли, түндүгү менен түштүгү бирдей колдоп турат. Учурда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди өлкөнүн баардык аймактары улуттук лидерлер катары таанып, эл талап кылып тургандыктан Жогорку Кеңеш, башка бийлик органдары мойун сунуп, бийликти өткөрүп берүүгө мажбур болуп, бирок ал ишке ашпай, өкмөт легитимсиз бойдон калууда. Кыргызстандын эли акыркы болуп өткөн шайлоодогу ыпыластыкты көрүп, өлкөнү 30 жылдан бери курутуп келген ууру- кески, коррупционер чиновниктерден түңүлүп, ушу “эки дос” куткарат деген ишенимде. Анткени башка саясатчылардын көбү ишенимден ажырап калган. Бирок, 5-октябрда элдик көтөрүлүшкө бирге чыккан саясый партиялардын көпчүлүгү дагы Садыр Жапаровдун өкмөт башчы болушуна каршы болууда. Бул каршылыктын пайда болушуна, ыкчам аракеттер менен өкмөттү колго алууга аракеттенген “эки достун” да салымы бар. Реваншистик аракет менен, акыркы күчүн жыйнап чыккан Алмазбек Атамбаев (АША) менен Өмүрбек Бабановду митингичилер аянттан кууп чыкты. Б.а. аларды эл люстрация кылды. Өзү көмүскөгө жатып алып партиясын АШАга кошо койгон Өмүрбек Текебаевдин текечер улактары кастрация болуп кала жаздады. Эл Садыр Жапаров үчүн бекем тураарын дагы бир ирет тастыктады. Бирок маселе алигиче чечиле элек. Кыргыз Республикасы 4-октябрдагы шайлоонун ыпыластыгынан улам чыккан тополоңдон бери саясый кризистен дагы деле чыга албай турат. Чимкирик парламент эки ирет ыкчынып, чогула албай, 10-октябрдагы чечимдери легитимсиз болуп, Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка дайындалганы өлкөдөгү көпчүлүк саясый күчтөр тарабынан таанылбай, кабылданбай жатат. Өлкөдөгү саясый күчтөр тааныбагандан кийин эл аралык аренада да тынч.

Аксакалдар, белгилүү коомдук ишмерлер, саясат талдоочулар жана ошондой эле 5-октябрдагы элдик көтөрүлүшкө катышкан жаштардын бир тарабы бул маселе боюнча ойлорун билдиришип, “Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматын мыйзамсыз жол менен баштаганы туура болбойт, кесепети өзүнө да, өлкөгө да тиет, андыктан депутаттар кайрадан чогулуп мыйзамдаштырып берсин”- деген пикирлерин билдиришүүдө. “Мыйзамсыз болсо да мейли, Садыр Жапаров иштеп баштай берсин”-деп көгөрүп, “керек болсо кайрадан аянтка жыйылабыз” –деп да жаткандар да жетиштүү. Учурда премьер-министр Садыр Жапаров легитимсиз, чимкирик парламент дармансыз-жокко эсе болуп, коомчулук мындай жагдайда президенттин кызматтан кетишине каршы болуп, Сооронбай Жээнбековдун “кызматтан кетем дегенин” кылмыштуу шалакылык катары баалап да жатышат. Садыр Жапаровду өкмөт башына бекитүү тууралу Жогорку Кеңештин чечими мыйзам бузуулар менен өткөндүгүнө байланыштуу сотто каралары айтылды. Үч күн ичинде өкмөт башчы менен өкмөт мүчөлөрүн кызматка койуу тууралуу президенттин жарлыгы чыгыш керек. Жарлык үч күндө чыкпаса Жогорку Кеңештин токтому жарлыксыз эле күчүнө кириши керек. Мыйзам ошондой. Бирок. Бироктун бирогу бар. Мыйзамсыз делген Жогорку Кенештин токтомунун негизинде Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койсо, ал жарлык деле сотто каралчу мыйзамсыз жарлык болуп калган жатпайбы. Эмне кылуу керек? Токтом, жарлык парлыгыңды урдук деп аткандардын тили менен кетсе Садыр Жапаровдун репутациясына аябай чоң залакасы тийет. Эл түшүнбөйт. Бул жерде кыргыздын “кеңешип кескен бармак оорубайт”-деген макалы эске келет. Азыр бизге консенсус, компромисс керек. Элдин, мамлекеттин тагдыры устаранын мизинде турат.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев риторикаларын оңдоосу керек, “Президент кетсин, Президенттик кызматты да алабыз!” дегенден, -“саясый туруктуулук орноп, мыйзам чегинде кайра шайлоо өтүп, жаңы парламент ишке кирип, жаңы өкмөт куралганча президент кетпеши керек”-деп, КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен тил табышып, абалды турукташтырууга салым кошуштары керек. Башка жол жок! Сооронбай Жээнбеков да “кетем-кетем” дегенин токтотуп, кыйчалыш мезгилде эл үчүн туруп бериши керек. Элге берген антын сакташы керек да. Болбосо кылмыштуу шалакылык бойунча соттолуп, таарыхта дизертир катары калат. Президент элдин эмне үчүн нааразы болуп тополоң салганын, бүгүн жалпы эл эмнени каалап турганын көрүп турат. Элдин мүдөөсүн аткарсын! Президент да Садыр Жапаровду кабыл алып, сүйлөшүп, анын өкмөт башчылыкка дайындалышына көмөк көрсөтүп, чимкириктерди жыйнап, саясый туңгуюктан чыгууга аракет кылсын. Кайра шайлоо өткөндөн кийин премьерлик кайра каралат. Эл тынчыш үчүн эки айлык премьерликти Садырдан айабайлык. Садырды дайындап, андан кийин экөөлөп мыйзам чектеген мөөнөттө таза, адилет, калыс шайлоо өткөзүп, элди тынчытышсын! Ошого жараша, андан кийин анан баа берилет!

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер, саясат талдоочу, 2005, 2010-жылдардагы элдик көтөрүлүштүн уюштуруучуларынын бири

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости