www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү “карышкыр” деген каймана аты бар журналист Сабырбек Муканбетов менен куудул Жамбылбек Камчыев социалдык баракчасы аркылуу Баш мыйзам тууралуу кер-мур айтышты.
Сабырбек Муканбетов: -Жамбылбек Камчиев деген чала комик бар, 93, 93 деп бакыра берген. Ошол көрпенде: - "Садыр Жапаров 93-жылкы конституцияга колун койуп ант берсин", - дейт. "93-жылкы Конституция өзгөртүлүп, жаңысы кабыл алынып, керектөөдөн чыгарылган, т.е. өлгөн" - десең деле болбойт. СССР мамлекет катары жоюлду салыштырмалуу 93-жылкы конституция документ катары жок, өлдү, таарыхка кетти - десек, "Кыргыз Республикасы өлгөн жок" - деп дөөрүйт. Анан жооп жаздык маймылга:
-"Эй Жамбыл, ошол күчүн жоготкон, жок болгон документ менен жашайлы деген сенден башка бир киши жок. Сага деле эч ким теңелбей: - "эми ал байкуш оорулу да, сүйлөй берет да..." - деп атышканын байкабайсыңбы? Же сага чындап эле по.игби? Анан Акаев сен айткандай, менин ишенген кожом эмес, мен 24-мартта эл баштап чыгып аны тактан кубалаткандардын биримин. 93-жылкы Конституцияны өзгөртүш керек болчу, себеби ал бир партиялуу системага негизделген, өзгөрүп аткан заманга шайкеш келбеген Башмыйзам болчу. Ал өзгөртүүгө биз сунуштаган вариант өтпөй, Акаев өз вариантын өткөрүп алган. Биз ошондо эле каршы чыкканбыз. Анда сен туула элек белең? Ал иштин кандай болгону сага жүз ирет айтылган, сен билесиң. Бирок сен билмексен болуп, “93, 93” деп кыйкырып, элди айыптаганды токтотпой жүрөсүң. Анткени, андан башка ЖАТКА айткан декламацияң жок. Саясий репертуарыңдагы жалгыз номер ушу «93». Аны айтпасаң дудук болушуң керек. Мээң бөксө экени даана байкалып калат".
Жамбылбек Камчиев: -Сокулуктук досум, рахматы Ашырбек Болотов, экс-спикер Мукар Шалтаковичтер 93" - деп жүрүп өтүп кетишти... Тирүүлөрдөн; Бегиш аке Аматов, «Чоң Казат» - партиясынын негиздөөчү Турат Акимов, ырчы, обончу Сагынбек Момбековдор «93, 93» - дешип ырдап да, айтып да келатышат... Же сен укпасаң эле, эсеп эмеспи? Сен эмне үчүн 93кө каршысың? Себептерин деле билебиз...
Сабыр Муканбетов: -Оруста, «не сотвори себе кумира» - деген сөз бар. Бул жерде кеп Конституцияда деле эмес. Кеп сенде. Сен: - "93, 93, 93" деп ашыкча какылыктап аткан жоксуңбу? Ойлонсоң кичине. Ушу 93 өзгөрүлбөгөндө эле багыбыз ачылчудай, ошо өзгөрүп кеткен үчүн багыбыз байланып калгандай, кайра өзгөртүп 93-жылкы вариантты калыбына келтирсек эле баары өз ордуна келип, май көл-сүт көл болуп калчудай болуп, канча жылдан бери курулай кыйкырып келе жатасың? Албетте 93-жылкы Башмыйзам кийинкилердей бир адамдын багын ачып, жарым кудай кылыш үчүн жазылбай, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жазылган. Болгон «плюсу» ошо. Бирок ал "93" баары бир сен ойлогондой багыбызды ача турган Башмыйзам эмес болчу. Аны ошо замандагы, бир партиялуу системага ылайыктап, ошо тоталитардык эксперименттин "курмандыктары" жазган. Ошо кезде "курмандыктар" эмес пайгамбар келип эң туурасын жазып берсе деле багыбыз ачылмак эмес. Андан кийинки Башмыйзамдарды да кандай жазбасак да багыбыз ачылбаганынын себеби ошондо - кеп Башмыйзамда эмес кеп бизде. Биз мыйзамды жаман-жакшысына карабай сактап жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Аны үйрөнмөйүнчө алтын тамгалар менен жазсаң да, мукабасына бриллиант чегерип таксаң да жардам бербейт. Баягыдай эле «93, 93, 93» деп какылыктай бересиң - курдан бошко. Кеп 93түн жаман жакшысында эмес. Кеп сенде. Сен ошону түшүнбөй келген болуп жатасың. Мен 93тү жаман көрүп, аны унуткарайын дегеним жок. Мен сенин шерменде болуп атканың токтосо экен деп, кой деп атпаймынбы? Түшүндүңбү тоок мээ? – деди Жамбыл Камчиевге Сабыр Муканбетов.
Эске сала кетсек, куудул Жамбыл Камчиев президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, 1993-жылдагы Башмыйзамды программа катары көтөрүп чыккан. Тилекке каршы Камчиевди БШК тепкичке жеткирбей тээп түшүрүп салган.
Булак: NazarNews.kg