www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.

Катчынын айтымында, азыр «дүйнө абдан морт болуп турган кез».

«Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек», — деди Гутерреш.

Ошондой эле, ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости