www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү дарыгер Сабырбек Жумабеков жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын олигархтарына кайрылып, жардам сурады.

"Урматтуу бизнесмендер, олигархтар, өлкөдө көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөш жүрүп жатат. Бир күндө болжол менен дарылоого муктаж миңдей бейтап кайрылууда. Өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги "Ганси" базасында 1000ден ашуун орун даярдады. Министрлик дары-дармекти тийиштүү көлөмдө алууга жетишпей жатат. Мындан улам биз, медиктер, сиздерден жардам сурайбыз. Дары-дармек, оксигенератор сыяктуу медициналык жабдуу керек (оксигенератор — катетердин жардамы менен бейтапка кычкылтек берилчү аппарат — ред.). Эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал, шприцтер жетишсиз. Кан куюучу система, спирттелген кол аарчылар, коргоочу костюмдар, көз айнек зарыл болуп турат", — деп жазган Жумабеков.

Белгилей кетсек, дарыгер жардам боюнча жооптуу куратор деп Чыңгыз Нарынбаевди көрсөтүп, телефон номерин (0 706 203 021) кошо жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкө боюнча COVID илештирип алгандардын жалпы саны 6 767ге жетти. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости