www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бүгүн дүйнөдөгү күчтүү мамлекеттер да тоготпостукка салгандыктан, азыр коронавирустан жапа чегип, кыйналып жатышат. Мисалы, эң бай өлкө деген калкы биз менен тең Швецияда бир күндө жүздөгөн киши өлүп жатат. Биз убагында карантинди киргизип, жакшы жолго өтүп алдык. Ошондуктан бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу жеңил өтүп жатат. Мунун баарын мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев экономикабыздын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин начардыгына карабай, көп жакшы иштерди жасап кетти",- мындай пикирин КРдин эмгек сиңирген дарыгери, академик, профессор, миңдеген бейтапка шыпаа берген даңазалуу ортопед Сабырбек Жумабеков NazarNews.kgге билдирди.
«Бүгүн биздин айрым саясатчылар экс-министрди кылмыш жообуна тартыш керек деп айтышууда. Жаманбы-жакшыбы ал көп иштерди жасап кетти. Азыр айтышып, күнөөлөп олтурууга эч кимдин акысы жок. Мен алардан өтүнүп кетет элем. Азыр бири-бирибизге таарынып, айтыша турган убак эмес. Биздин жалгыз гана максатыбыз бар, ал-вирусту жеңүү. Аларга ыраазычылык билдирүүнүн ордуна айрымдардын саясат жасап жатканын өкүнүү менен кабыл алдым. Азыр баарыбыз эле жумуштабыз тынбай иштеп жатабыз. Күн сайын биздин ооруканага ар түрдүү жаракат алган адамдар түшөт. Алардын кайдан келгенин биз билбейбиз. Ошентсе дагы өмүрүбүздү тобокелге салып иштеп жатабыз. Өкмөткө силер дарыгерлерге карабай койдуңар деген дагы туура эмес. Өкмөт колунан келишинче дарыгерлерге кам көрүп жатат",-дейт Жумабеков.
Эске сала кетсек, мурдагы Саламаттыкты саткоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча маселе көтөрүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg