www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыздын медицина тармагындагы сыймыктуу инсаны, профессор Сабырбек Жумабеков учурдагы кырдаал боюнча коомчулукка Кайрылуу жасады.
Сабырбек Жумабековдун Кайрылуусу төмөнкүчө:
“Урматтуу мекендештерим!
Кыргызстан үчүн оор мезгилде, биз, президент Сооронбай Жээнбековду коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу ыкмалары үчүн колдойбуз.
Мен дарыгер катары баарыңарды гигиенанын бардык эрежелерин сактоого, тырышчаак жана чыдамдуу болууга чакырам. Анткени инфекция жукпаш үчүн үйдө болушубуз керек. Сергек жана сак болгула. Дарыгерлерибиздин айткандарын сөзсүз түрдө аткарыңыз. Чындыгында, ар бирибиздин жана өлкөбүздүн тагдыры ушуга байланыштуу. Себеби, улутубуздун ден-соолугу мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири. Бул сактык чаралардын бардыгы өз кызыкчылыгыбыз үчүн жасалат.
Керексиз болсо, үйүңүздөн чыкпаңыз, антисептиктерди жана маскаларды өзүңүздүн жана жакындарыңыздын коопсуздугу үчүн колдонуңуз.
Мен ар бир үй-бүлөгө чын ден-соолук, оптимизм, ишеним жана жаркын келечекке үмүт каалаймын. Урматтоо менен Сабырбек Жумабеков", - деген кайрылуусунда.
Булак: NazarNews.kg