www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Асель Кадырбекова көзүн ачып, тамак иче баштады. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.
“Кудайга шүгүр Асель Кадырбекова медицинанын тили менен айтканда “сопр” абалына келди. Бул комадан чыкты дегенди билдирбейт. Кыргызча түшүндүрсөм толук түрдө өзүнө келе элек. Бирок көзүн ачып, тамак ичип “тилиң, мурдуң кана?” – десек көрсөтө баштады. Элдин дубасы, дарыгерлердин күчү менен аз-аздап өзүнө келе баштады. Биз анын сакайып кетүүсүнө болгон күч аракетибизди жумшайбыз”, - деди академик.
Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишинде эки унаа катуу сүзүшкөнү маалымдалган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон. Жабыркагандардын ичинде ырчы Асель Кадыбекова да бар экени айтылган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат.
Булак: NazarNews.kg