www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Кыргыстандан чыгып кетүүсү боюнча өзүнүн пикирин Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

«Чыгармачыл кишинин жүрөгү гүл сыяктуу назик болот. Аны таарынтып алыш бир заматта эле.

Чыгармачыл кишининин кыялы добул урган бороондой. Ошону үчүн чыгарма жарата алат.

Жылжытма инсан чыгармачыл болуп деле жыргатпайт.

Элирмеси келгенде эки тоонун башын бир аттай алган киши, эсте каларлык туунду калтырат.

Биз (өзүм да алардын арасындамын) эпкиндегенде эч нерсе көзгө илинбей калышы мүмкүн. Түшүнгөндөр «ал эми чыгармачыл киши да» деп айтып калат.

Эң негизгиси эйфорияга батып турганда чоң катачылык: кээ бирөөлөр эл журтуна, кыргызга кесир сөздөрү айтылып кетет. Эгер анчалык катуу кетпесе түшүнө билели, аздектей билели.

Ошонун бирөөсү Дөөлөт Сыдыков. Мейли бийликке сын айтсын, негизи ал сын айтылып турганы да жакшы, бийлик андан жаман болбос, жакшы жагы көп болоор.

Мейли убактылуу чыгып кетсин. Айланып кайта келээр. Негизи Манасын кошо алып жүрсө, кыргызды алып жүргөнү ошол да. Алынып берилип ар жээке урулса андан да өзүнө пайда табат. Ал дагы кыргыздын улуу инсаны.

Бийликке сын айтты деп жек көрүндү кылбайлы.

Жеке чечимин «кысмак болду» (чыныгы кысмак кандай болоору башыман өткөн) деп саясат жасабайлы.

Анын жүрөгу «Кыргыз!», «Манас!» деп согооруна ишенем.

Арыбасын, бар болсун», - деп белгилеген ал.

Белгилей кетсек, жаңы Ак үй салуу үчүн «Манас айылынын» 5 сотых жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок аталган комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго «Манас айылын» реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү.

Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы таланттуу манасчылардын бири. Ал былтыркы жылдын ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен. Андан сырткары Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн улуу эпосту айткан эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости