www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-майда телефондон сүйлөшүп, ортодо жаралган түшүнбөстүктөрдү талкуулады. Штайнмайердин кеңсеси кабарлагандай, эки лидер бул чалуу «эки тарапка тең маанилүү жана жакшы болгонун» айтышты.

«Келишпестик жоюлду. Эки президент тең тыгыз байланышта болууну макулдашты. Штайнмайер украин элинин орусиялык агрессорлорго каршы баатырдык менен күрөшүнө урмат-сыйын жана колдоосун билдирди»,- деп айтылат билдирмеде.

Штайнмайер буга чейин Орусияга карата мамилесин жумшартканы үчүн Киев тараптан сынга кабылган. Ал 13-апрелде Польшанын, Литванын, Латвиянын жана Эстониянын президенттери менен чогуу Украинанын борборуна келмек, бирок иш сапардын алдында украин тарап аны тосо албай турганын айткан.

Ушундан улам Германиянын канцлери Олаф Шольцтун да Киевге сапары кийинкиге калган. Ал ымала жөнгө салынганга чейин барса, бул «Штайнмайерди сыйлабастыкка» жатып каларын айткан. Парламенттик өлкө деп саналган Германияда президент символикалуу гана мааниге ээ, өлкөдөгү негизги саясатты канцлер жүргүзөт.

Экономикалык жактан Орусиянын мунайына жана башка энергетикалык ресурстан көз каранды болгон Германия акыркы жылдары Москва менен жылуу мамиледе болуп келген. Кремлдин буйругу менен орус аскерлери Украинага басып кирген учурда Берлин орус бийлигин сындаганы менен ага каршы катуу санкцияларды кабыл ала алган эмес.

Орус мунайына тыюу салууга акыркы мезгилге чейин каршылык билдирип келген. 

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости