www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде жоокер каза болсо, анда Коргоо министрлигин гана күнөөлөөгө болбойт, деп билдирди президент Садыр Жапаров 26-ноябрда өткөн элдик курултайда.
«Жоокерлер кызмат өтөгөн башка жерлер да бар – булар ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана УКМКнын Чек ара кызматы. Кайсыл бөлүмдө кырсык болгонун билиш керек. Мен жакында эле жоокердин өлүмүн иликтедим. Аны эч ким өлтүргөн эмес. Аскерге кеткенде кызга шакек берет. Анан кыз ага шакекти кайтарып бериптир, балким башкага үйлөнгүсү келген. Ошентип ал өзүн атып алды», - деди ал.
Ал армиядагы «дедовщина» фактысын танбай турганын кошумчалады.
«Эгерде «дедовщинадан» жоокердин мурдунан кан чыкса, командирлер, эскертем, түрмөгө отурасыңар», - деди мамлекет башчы.
Жапаров азырынча бул маселени «терең изилдей элек» жана учурда курал-жарак, камсыздоо жана форма маселелерин чечип жатканын белгиледи.
«Эки жылдын ичинде биз бул үчүн 53 млрд сом бөлдүк. 53 миллиард сом — бул кандай гана сумма. Ага чейин такыр акча жөнөтүшчү эмес, кийим-кече маселесин да чечишчү эмес», - деп баса белгиледи президент.
Булак: NazarNews.kg