www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик да башкарууну да, президенттик-парламенттик да башкарууну да көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. Эки башкарууда да тең иштедим Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын сунушуна жооп берип жатып билдирди.
"Акыркы 10 жылда 3 баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик болуп, "монстр" болуп алды. Андан кийин өкмөт жана перзиденттик башкаруу болду. Эч бир маселени чечпей, бири-бирине шылтап коюп отура берип, 3 жылда бир кагаз кабыл алынбаганын көрдүм. Үч жыл айланып жүрө берген. Эч ким жоопкерчилигине албай, чаң басып, архивде жата берген кагаздарды биз алдыга жылдырдык. Учурда парламент менен өкмөттүн аппарты биригип, бир саатын ичинде токтомдор кабыл алынып жатат. Жолдордун, мектептердин салынып жатканы, армиябыздын күчтөнүп жатканы мына ушул системанын пайдасынан болуп жатат.
Жоопкерчиликти бир кишиге бергенде, балким качып кеткен президенттер да ичинен күйүп мекенин, элин таштап качпайт эле. Азыр жоопкерчилик менде болгондон соң, орчундуу маселе болгондо күнү-түнү уктабай ойлонот экенсиң. Чек ара маселесинде министрлер кабинетин, депутаттарды чогултуп иштеп жаттым. Келечек муундун алдынды кара тамгалар менен калбасам экен деп.
А мурунку 3 баштуу бийликте болсо бири-бирине түртүп, президент көшөгөнүн артында туруп башкарып, уурдаган өзү, ал эми жооп берген премьер-министр болуп калчу. Ошондуктан акыркы 30 жылда 35 премьер алмашып отурат.
Президенттик башкаруунун жемишин алдыңкы 5-6 жылда көрөсүңөр. Менден кийин келген президент таза иштебесе, 3 өлкө башчыны кууган кыргыз эли аны да кууп салышы мүмкүн. Кыргыз элин эч убакта алдай албайсың", - деди Садыр Жапаров.
Булак: NazarNews.kg