www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-июнда президент Садыр Жапаров 63 чакырымдык Балыкчы — Кочкор темир жолун ачты. 

Долбоордун алкагында "Кочкор" темир жол станциясы да курулган.

Темир жолдун бир чакырымы 955 миң долларга түшкөн. Чет өлкөлүк подрядчылар болсо курулуштун бир чакырымын кеминде 4,8 миллион долларга бүтүрүүнү сунушташкан. Ушундан улам Кыргызстан жолду өз күчү менен курууну чечкен.

"Биз темир жол куруу маданиятыбызды, инженердик мүмкүнчүлүгүбүздү жана кесиптик тажрыйбабызды кайра жандандырдык. Бул — өлкөбүз ири инфраструктуралык долбоорлорду өз алдынча ишке ашыра аларын далилдеген тарыхый жетишкендик", — деди президент.

Келечекте темир жол Макмалга чейин узартылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолуна кошулат. Садыр Жапаровдун айтымында, мунун натыйжасында өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгү кеңейип, экспорт, инвестиция жана туристтердин агымы көбөйөт.

Последние новости