www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Маданият күндөрүнө катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда (Тамчы) делегацияны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Делегацияны Өзбекстандын маданият министри, Өзбекстандын эл артисти Озодбек Назарбеков жетектеп келди.
Курамында 200гө жакын маданият жана искусство өкүлдөрү бар делегацияга белгилүү ырчылар, музыканттар, бий жамааттары, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү кирет. Алар эки күн бою Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна өзбек элинин тарыхый-маданий мурасын жана заманбап искусствосунун жетишкендиктерин чагылдырган маданий программаны тартуулашат.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын Маданият күндөрү Кыргызстанда 2026-жылдын 27–28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана кыргыз-өзбек достук мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган.