www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 17-майда, Бириккен Араб Эмирлигине (БАЭ) барып, БАЭнин жаңы президенти Мухаммед ибн Зейд Аль Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Жапаров Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан БАЭнин жаңы президентине, башкаруучу үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Эмирликтин элине БАЭнин мурдагы башчысы шейх Халиф ибн Зейд Аль Нахайяндын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айткан. Мамлекет башчы шейх Халиф ибн Зейд Аль Нахайяндын өлкөсүнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөшүнө кошкон зор кызматын жана салымын белгилеген. Андан соң Жапаров Мухаммед ибн Зейд Аль Нахайянды Бириккен Араб Эмирлигинин президенти кызматына кириши менен куттуктаган.

"Садыр Жапаров Мухаммед ибн Зейд Аль Нахайянды өзүнө ыңгайлуу убакта Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды. Өз кезегинде БАЭнин жаңы башчысы иш сапары жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтты. Ал эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелер мындан ары да жигердүү өнүгүп, жаңы деңгээлге чыгаарына ишене турганын кошумчалаган. БАЭ башчысы Жапаровдун ишмердүүлүгүнөн кабардар экенин, анын чечкиндүү аракеттерин оң баалай турганын белгилеген", — деп жазылат маалыматта.

Маалымат кызматы Мухаммед ибн Зейд Аль Нахайян Кыргызстанга сөзсүз иш сапар менен келерин айтканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости