www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде маселе жаралмак тургай, толук жооп берип кала турган күн келип калды окшойт", - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, Саламаттык сактоо министри боюнча коомчулукта түрдүү кептер тарай баштады. Ал турсун укук коргоо органдарынын кылтагына илинген айым, анын кеңешчиси деген да маалымат айтыла баштады. Эми  Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде да маселе жарала баштадыбы?

- Ошончо көп акча пара алган келин ошол министр Алымкадыр Бейшеналиевдин көрөөркөзү экен деп да, түрдүү түстөгү далилдүү фото-видео фактылар менен кайра-кайра Интернетке чыгып жатат. Чыныгы честный адамдын кыжырын келтирчү тенденция, эми төбөлдөр ойношторун чоң кызматка кеңешчи кылып коюп алып, алар аркылуу взятка алышчу болду.

Мисалы, жарым жыл мурун вице-мэр Азамат Сагындык уулу так ошол сценарий менен кесилип кетпеди беле. Бирдеме десе эле акылдуу сөрөйлөр: "Бул анын жеке жашоосу го. Кийлигишпегиле!",- деп кыйкырып, коргоп чыгышат экен. Жеке жашооң болсо, аны кызматтан кетир да, каалашыңча ойной бер. Служебный роман кылбай. Демек, бул министриңерде маселе жаралмак тургай, толук жооп берип кала турган күн келди окшойт.

- Алымкадыр Бейшеналиевдин мени подстава кылганы жатышат деп санаркаганын айтты. Анын айтканын чындыгы барбы же  доору  бүтүп баратабы?

- Бейшеналиевди подстава кылчу күчтөр көп болчу. Башында бул жакшы эле баштаган. Жеке менчик колдордон түркүн түстөгү имараттарды мамлекетке кайра кайтарып, коррупция менен жалгыз салгылашып жаткандай элес берген.

Ошончо шымаланып кирген соң, моралдык жактан таза туруусу керек болчу. Сүрөт-видео далилдер менен илинип-чалынбай. Ким "подстава" жасаса да, абдан даярданып иштеген экен. Майтарылгыс фактылар менен.

- Башкасы аз келгенсип, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн орун басары Улук-Бек Бектурганов "Аялыңды "балдарга" салып берем деп", - коркутканын айтып чыкты. Эми балп эттирип сүйлөгөнү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керекпи?

- Бирөөнүн үй-бүлөсү, жеке жашоосу Шариатта да, биздин Баш мыйзам болгон Конституцияда да ыйык, колтийгис болуп саналат. Андыктан, бул министр чындап эле ошентип сүйлөсө, а беркиси далилдүү фактылар менен үн жазгычка жаздыртып алса, анда, бул түптүз эле кылмыш иши болуп саналат.

А эгер ошол замминистр Бектурганов далили жок жалаа жаап жатса, ага да каршы Кылмыш кодексинде статья бар. Айтор, экөөнүн бирине иш козголуу керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости