www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь РИИБинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызматкерлерине карата 25 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен кылмыш иштеринин далилдерин жана процесстик документтерди бурмалоо боюнча көптөгөн фактылар аныктады.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин кызмат адамдары жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз пайдалануу менен алардын атынан «Кылмыштырдын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтарды киргизишип, кылмыш жөнүндө жасалма билдирүүлөрдү жасашкан жана алар боюнча жасалма кылмыш иштерин козгошкон.

Бул аракет аркылуу алар кылмыштардын бетин ачуунун көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жогорулатууну максат кылышкан.

Андан соң, бул кылмыш иштери боюнча тергөө аракеттеринин документтери (сурак протоколдору, жабырлануучу деп таануу жөнүндө чечим) түзүлүп, кийинчерээк жабырлануучулардын жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалмаланган жалган арыздарынын негизинде токтотулган.

Башкы прокуратурадан белгиленгендей, милиция кызматкерлери уурулук беренеси менен айыпталгандарды көндүрүп, мурда бети ачылбаган кылмыш иштерди алардын мойнуна «илип», андан соң жабырлануучулардын айыптоону колдоодон баш тартуу жөнүндө жасалма билдирүүлөрү боюнча ал иштерди токтотушкан.

Ошону менен милиция кызматкерлери кылмыштардын бетин ачуу статистикасын көбөйтүшкөн. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 361- беренеси («Далилдерди бурмалоо») жана 337-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости