www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Алымкадыр Бейшеналиев тажрыйбалуу врач болушу мүмкүн, бирок татыктуу министр деп айтууга болбойт", - деди бүгүн, 17-майда NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.
- Алымкадыр Бейшеналиев 100 миң, 500 сом алып кармалды деген айымды кеңешчим эмес деди. Ал тургай ал ак жеринен эле кармалды деген маалымат таркатты. Бирок, кармалган кыз менен түшкөн сүрөтү сотцетте чоң талкуу жаратууда. Анын актанганы суу кечеби?
- 100 миң сом менен шектелип Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору, Каракол шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун кармалышы боюнча Алымкадыр Бейшеналиевтин жана башкалардын түрдүү билдирүүлөрү чыгып жатат.
Тергөөдө ким күнөөлүү экени, ал акча кимге берилиш үчүн алынганы, эмне максатта ал айымдын колунда турганын баары такталат. Ага чейин бир жактуу пикир айтуу эрте. Бул чуулгандуу иштин акырына сот өз укуктук баасын берет.
Ага чейин көп адамдар күбө, шектүү катары суракка тартылат, алардын ичинде министр да болушу мүмкүн.
- Саламаттыкты сактоо министри айрымдар мени подстава кылганы жатат деген коңгуроо кага баштады го?
- Министр Алымкадыр Бейшеналиев айрымдар мени подстава кылганы жатат дегени сөзү туура болушу мүмкүн. Анткени, былгып кеткен системадагы көмүскө дары-дармек жана башка бизнестер ачыкка чыгып жатат. Анын доору бүтүп баратабы жокпу айта албаймын.
Алымкадыр Бейшеналиев мыкты тажрыйбалуу врач болушу мүмкүн, бирок мыкты, татыктуу министр деп айтууга болбойт. Кыргызда жакшы макал бар «Отунду акылдуу же жинди жарат» деген.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттыкты сактоо тармагында жана ооруканалардагы кылмыштуу, коррупциялык иштерди жарып чыкты.
Булак: NazarNews.kg