www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровго МСКнын "Салык Күзөт" жаңы тутумунун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Мамлекет башчысына салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын негизги элементи катары "Салык Күзөт" автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди. 

Алмамбет Шыкмаматов бул система ишке киргизилгенге чейин МСК кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгонун белгиледи. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду.

Ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровго жаңы системанын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп, аймактар, райондор жана шаарлар боюнча салыктык түшүүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө токтолду. Тутум онлайн режиминде КНС төлөбөгөн компанияларды да көрсөттү. 

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров МСК төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго "Салык Күзөт" платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Последние новости