www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Япониянын жаңы элчиси Хирано Рюитини кабыл алды.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Япониянын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
"Сиздин дипломатия жаатындагы бай тажрыйбаңыз кыргыз-япон кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошот деп ишенем. Айрыкча Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) өлкөбүздөгү ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп, керектүү демилгелерибизди колдоого алууда. Андан тышкары, кыргызстандыктардын Японияда билимин улантуусуна да чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жыл сайын көптөгөн жаштарыбыз окууга жөнөтүлүүдө", – деди төрага.
Муну менен катар өткөн жылы "Япония + Борбор Азия" форматындагы өлкө жетекчилеринин жолугушуусу да жемиштүү болгонун эске салган Нурланбек Тургунбек уулу аталган саммитте жетишилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артты.
Мындан сырткары, парламенттер аралык байланышты өнүктүрүү багытында да алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеген төрага мында депутаттык достук топторунун салымы чоң экенине токтолду.
Элчилик ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай кеп кылган Хирано Рюити парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.
Жолугушууда эки тараптуу жетишилген келишимдерди ратификациялоо жана парламенттер аралык расмий иш сапарларды уюштуруу тууралуу да сөз болду.