www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө боюнча 200 миллиондон ашык адам кардуу бороондон жабыркады, айрым аэропорттор жабылып, миңдеген каттамдар жокко чыгарылды же кечеңдетилди.
АКШда миллиондогон адамдарга таасир эткен кар бороонунан улам жалпы зыян жана экономикалык жоготуулар 105–115 миллиард долларды түзүшү күтүлүүдө.
Дүйнө жүзү боюнча аба ырайын божомолдоо кызматтарын көрсөткөн AccuWeather АКШдагы «тарыхый» суук кар бороону тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө өлкө боюнча 200 миллиондон ашык адам кардуу бороондон жабыркаганы, айрым аэропорттор жабылганы, миңдеген авиакаттамдар жокко чыгарылганы же кечеңдетилгени айтылат.
Бороон басаңдагандан кийин да катуу сууктар уланат. Электр берүүчү линияларда муз катмарлары пайда болгондуктан, 1 миллиондон ашык электр энергиясын керектөөчү жарыксыз калды.
Миллиондогон адамдар үчүн жылуулукка кеткен төлөмдөр кадимкиден 20–35 пайызга жогору болушу мүмкүн. Ал эми Нью-Йорк, Филадельфия, Питтсбург жана Балтимор шаарларында январдын аягынан февралдын аягына чейин жылуулукка болгон суроо-талап акыркы 20 жылдагы орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору болот деп күтүлүүдө.
«AccuWeather эксперттеринин алдын ала баалоосуна ылайык, өлкө боюнча жыйырмадан ашык штатка таасир эткен кар бороонунан жалпы зыян жана экономикалык жоготуулар 105тен 115 миллиард долларга чейин жетет», — деп айтылат билдирүүдө.
Каттамдардын жокко чыгарылышы, ишканалардын жабылышы жана камсыздоо чынжырындагы үзгүлтүктөр сыяктуу көйгөйлөр да белгиленип, бул катуу кар жаашы Лос-Анжелес аймагында токой өрттөрүнөн берки эң кымбат экстремалдуу аба ырайы көрүнүшү болушу мүмкүн экени баса белгиленет.