www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы, милициянын майору Т.К.А. опузалап акча талап кылуу жана кыйноо боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК укук коргоо органдарындагы системалуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин айрым кызматкерлери тарабынан М.К. аттуу кармалган жаранга карата опузалап талап кылуу жана кыйноо фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы, милициянын майору Т.К.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып, М.К.дан акча талап кылган. Аталган жаран опузаланган акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин, Т.К.А. жана башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык кол салуу жасашкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Т.К.А. ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Т.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөөнүн алкагында Ысык-Көл райондук ИИБнын башка кызмат адамдарынын М.К.дан опузалап акча талап кылуу жана кыйноо фактысына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.

 

Последние новости