www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракесине карата логотипти жана брендбукту иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Ведомствонун маалыматына ылайык, байге фонду – 50 миң сом.
Сынакка жеке ишкер катары катталган, ишкердик жүргүзүүгө күбөлүгү жана патенти бар сүрөтчүлөр жана дизайнерлер катыша алат.
Сынак Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган, форумдун философиясын, миссиясын жана эл аралык маанисин чагылдырган оригиналдуу логотипти жана бирдиктүү визуалдык брендбукту иштеп чыгуу максатын көздөйт. Логотип форумдун бийик миссиясын жана маңызын чагылдыруусу зарыл.
Сынакка катыша тургандар арыздарын 31-январга чейин [email protected] электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
Сүрөтчүлөр жана дизайнерлер үчүн министрлик тарабынан сынактын талаптары жана техникалык тапшырма кеңири түшүндүрүлөт.
Белгиленгендей, 1986-жылы улуу ойчул жана жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк интеллигенцияны Ысык-Көл жээгине чакырып, СССР менен Батыштын ортосундагы «кансыз согуштун» соңунда турган дүйнөлүк абалды талкуулоого негиз салган.
2026-жылы өтө турган форум цивилизациялык диалогду, тынчтык куруу маселелерин жана дүйнөдөгү жаңы глобалдык чакырыктарды талкуулоону улантат.