www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн кечки саат 18:30да видеоконференция форматында Centerra Gold компаниясы менен келишим токтотулат. Бул тууралуу Садыр Жапаров социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.

"Түгөлбай Казаков агайыбыз "Кумтөр" боюнча айтып кетти. Бүгүн саат 18:30да түз эфирде видеоконференция аркылуу кол коюшабыз. Бүгүн аяктадык ишин, эч кандай соттошуусу жок, тынч ажырашып жатабыз. Албетте, биздин пайдабызга чечилип жатат", — деди президент.

Жапаров Кумтөрдөн сырткары башка дагы 30 кенди жүз пайыз мамлекеттин пайдасына иштетүү каралып жатканын айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин кечки саат 18:30да Садыр Жапаров элине маанилүү кайрылуу жасай турганы белгилүү болгон. Кайрылуу КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Эске салсак, 2021-жылы 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости