www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен эки өлкө ортосунда атайын жазуу жүзүндөгү документ иштелип чыкканда гана жолуга алат. Мындай пикирин президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Жок, Путин эч качан баш тарткан эмес (Зеленский менен болушу мүмкүн болгон жолугушуудан - ред). Путин мындай жолугушуудан эч качан баш тарткан эмес жана мындай жолугушуу, ооба, гипотетикалык жактан мүмкүн.

Бирок ал (президенттердин жолугушуусу) өтүшү үчүн эки делегациянын ишинин тереңинде конкреттүү документ бышып жетилиши керек. Идеялардын жыйындысы эмес, конкреттүү жазылган документ. Анан мындай жолугушуунун кезеги келет», - деп баса белгиледи Песков.

Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча документке кол коюу кырдаалды нормалдаштыруу үчүн маанилүү кадам болот, деп кошумчалады ал.

«Орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жасалып жаткан катуу аракеттердин натыйжасында биз дагы белгилүү бир документке кол коюуга келебиз жана бул кырдаалды нормалдаштыруу үчүн маанилүү кадам болот деп үмүттөнөм», - деди ал.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости