www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңешинин тармактык комитети бүгүн, 4-апрелде жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.
Айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев долбоордун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Ошондой эле эгиндердин үрөндөрү Орусиядан сатылып алынып, “Айыл Банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылга 4,5% үстөк (жылдык) менен берилип жатканын кошумчалады.
Талкуу учурунда депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, банктарда кезек күтүүлөр арбын экенин сындашты. Алар насыяларды төлөөдө мөөнөтүн 6 айдан 12 айга чейин узартууну сунуштады. Эл өкүлү Максат Сарбагышев ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан, банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын белгиледи.
Өкмөт 24-мартта "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд. сом бөлгөн.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылды. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленди.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.
Булак: NazarNews.kg