www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Табылды мырза, жакында президенттин үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча буйругу чыккан. Ага улай Муфтият фатвасын бекитти. Андан соң Кыргызстанга Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри келди. Коомчулукта бийлик жана муфтият элди арабдаштырууга аракет кылып жатабы деген пикирлер айтылып, талкуу жаралууда. Буга не дейсиз?

-Ооба. Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин өлкөгө келиши чын эле жогорудагы документтерге кызыгуу жаратты. Себеби, Сауд Аравиясынын тышкы иштер министри Кыргызстанга биринчи жолу келип жатпайбы. Ошого жогорудагы эки документ атайы министрдин келишине байланыштуу иштелип чыкканбы дегендей ой калтырды. Эми тышкы саясатта мындай окуялар боло берет. Коомчулуктун бир бөлүгү Сауд Аравиясынын Кыргызстанга кызыгуусун арттыруу үчүн ушундай пландалган болсо керек деген пикирди айтып жатат. Негизи, Сауд Аравиясы менен тыгыз мамиледе болуу жакшы натыйжа алып келиши мүмкүн. Кайсы гана өлкө болбосун биз мамиле түзүп жаткан эларалык алака Кыргызстандын жеке кызыкчылыгына жооп бериши абзел. Ошондуктан, эки өлкөнүн ортосунда мамиле түзүлүп жатканы жакшы деп эсептейм. Бирок, биз арабдаша албайбыз. Бизди арабдаштырууга аракет жасоо - бул мамлекеттик кызыкчылыкты сатуу, чыккынчылык болуп эсептелет.

--Муфтияттын фатвасы биздин жашоо турмушубузга, каада-салтыбызга канчалык туура келет. Же таза эле карама-каршыбы?

-Чынын айтсам, Кыргызстандагы азыркы имамдары, молдолор кыргыз элинин тарыхын, өзгөчөлүгүн жакшы билбейт. Себеби, биз 70 жыл атеизм өкүм сүргөн  СССРдин курамында жашадык. Ал учурда айылдарда мечит эмес, молдо табуу кыйынга туруп калган. Молдолор жетишпей, сөөк узаткан бир үйдөн экинчиге өтүп, 4-5 айылга бир молдо болуп калган учурлар болгон. Экинчиден, азыркы имамдардын көпчүлүгү Пакистан, араб өлкөлөрүнөн таалим, тарбия алып келип жатышат. Алар тээ Караханийлер каганатынан бери келаткан нукура кыргыз элинин өзгөчөлүгүнө туураланып, иштелип чыккан нормаларды, тартиптерди билбейт. Алардан кабары жок. Кыргыз элинин каада-салттарын туура деп эсептебейт. Себеби, буларды арабдар окуткан.  Алар кудайдын жолун арабдар кандай үйрөтсө, ошондой кабыл алып көнүп калган.

--Муфтияттын фатвасында четтен окуп келген имамдар кабыл алышты да. Балким, булар элдин кызыкчылыгына туура келбеген фатва кабыл алган чыгаар. Ошого аны жокко чыгарсын деген пикирлер айтылып жатпайбы?

--Фатванын сөөк чыккан жерде үч күн мал союлбасын деген жери элге жакпай калды. Бул норма көчмөндөрдүн жашоо-турмушуна, табитине, үрп-адатына каршы келип калган.  Себеби, көчмөндөр топурагы катуу талааларда, тоо-ташта жашаган. Сөөк кою бир топ татаалдык жаратат. Ошого кыргыздар кышкысын сөөктү бактын башына илип коюп, жазында жерге берген учурлар да болгон. Бизде жай казуу кыйын. Баарыбыз эле айылда өстүк, менин эсимде, кичинемде, сөөк коер күнү, жайы дайын бекен деп сурап турушчу. Сөөктү саат 10-11 алып чыгып, түш оогуча кое салалы деп шашышчу. Б.а. бизде деле сөөктү эрте коелу дешчү. Бирок, айрым учурларда жайы дайын болбой калып,  сөөктү алып чыгууну ары жылдырууга аргасыз болушчу.

Кышкысын таштак жер болсо, казуу бир топ кыйынга турат эмеспи. Ошого бизде сөөк чыккан үйгө мал союп, алыстан топурак салам деп келгендерге, жай казып кол кабыш кылгандарга ысык сорпо, тамак берип турчу да. Бул ошого үрп-адат болуп калыптанып, элдин канына терен сиңип кеткен. Экиичиден, көчмөндөрдө исламга чейин эле сөөктү коюу өзгөчө каада болуп калыптанып калган. Скифтерди, байыркы түрктөрдү, енисей кыргыздарын караңыз, миңдеген кишилер келип, топурак салган.

Ушул күндөргө чейин бизди таң калтырган скиф падышасынын коргондорунун көлөмү элдин келишине жараша чоң же кичине болгон. Ошого 80-90догу энелер президентке кайрылып, мен 8 же 10 баланы эмнеге төрөп, өстүрдүм, алар бир жылкы союп көмүп койсо эч нерсе болбойт деп кайрылып жатышпайбы. Үчүнчүдөн, бул кыргыздардын кан чыгарып туруу жөрөлгө, салтына каршы келет. Жамандык болуп кеткенче, кан чыгарып коеюн деп, кан чыгарат.

Ошого сөөк чыккан үй, мындан аркысы жакшы болсун деп кан чыгарыш үчүн да мал соет. Төртүнчүдөн, бул демократиялык принциптерге каршы. Адамдын укугун, чектеп жатат. Бешинчиден, бир диңге артыкчылык берилип жатат. Алтынчыдан, рынок экономикасына, соода-сатыкктын, дыйкандар менен элдин өзара карым катнашына каршы келип жатат. Жетинчиден, жааматтык жашоо принциптерине каршы.

Эгерде мурда сөөктү бир айыл бүт коюп, сөөк чыккан үй жалпы жаамы журттун колдоосуна ээ болсо, азыр ар бир урук сөөктү өзү узатып жатат. Кыргыздар жакын адамын жоктоп, кабыргасы кайышып, кан кусуп жаткандарга дайыма колдоо көрсөтүп, анын жанында болуп, колдон келген жардамын берген. Кабыргасы кайышып турган адамдар өздөрү жай казып, өздөрү көмүп жатат. Бул кыргыз үчүн өтө өөн көрүнүш. Сегизинчиден, кыргыздардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү индустриялашкан калк. Беш маал намаз окуган кыргыздар аз.

--Жогоруда сиз сөз кылып жаткан каада-салт, үрп-адаттарды, нормаларды кыргыздар качан иштеп чыкты деп ойлойсуз?

--Х кылымда кыргыздар жалпы түрк уруулары менен Караханилер мамлекетин түптөшкөн. 960-жылы ислам бул мамлекеттин официалдуу дини деп жарыяланган. Мына ошол мезгилден тарта кыргыздар өздөрүнүн жашоо-турмушуна ылайык каада-салттарды ислам диннине жакындаштырып иштеп чыгып, калыптандырышкан десек болот. Караханийлер түрк элдеринин арабдашып кетүүсүнө каршы болушкан. Биз Манас Атанын осуяттарына бек туруп, ата-бабалардын мурасын сактап, кийинки муунга өткөрүп берип, мамлекетибиздин күч-кубатын арттырышыбыз керек!

--Президеттин Указында мал союлсун деген жери жок экен. Анда Муфтияттын фатвасы чыккандан кийин сөөк чыккан үйлөргө барып мал союлбасын деп талап кылган губернаторлор, муфтияттын талабын аткарып жатат десек болобу?

--Антпесек да ошондой кабыл алынып жатпайбы. Ошого эгер алар Президентти жана кыргыз элин уят кылдык деп, туура эмес аракеттерге баргандыгын түшүнүшсө, кызматтан чегинип кетишкени оңбу дейм. Себеби, алар фатваны аткарып, Муфтиятты президент институтунан жогору коюшуп, Конституцияны бузушту, өздөрүнүн конституциялык милдеттерине каршы келген аракеттерге барды. Алар президент институтун Муфтиятка басып беришти.

Бирок, булар айдакталып олтуруп, өз аракетери элге кандай таасир берээрин билишкен жок. Бүгүн ар бир урук өзүнчө сөөк коюп жатат. Бүт айыл сөөк чыккан үйгө барбайт. Кабыргасы кайышып турганда, алардын жанында эч ким жок. Айылды мерездик басты. Жакынын жоготкондор өздөрү жай казып жүрүшөт. Сөөктү коюп, кайра үйлөрүнө кайтып келип, маркумду жоктоп өкүргөндө, өздөрү бирн-бири сооротуп жатышат. 

Мынча болгон соң, Муфтият фатвага биротоло маркумду жоктоп өкүрүүгө да тыю салып койсо болмок экен. Ошол губернатор, аким, айыл өкмөт башчы, милиция анда ар бир айылга көр казгыч жана көмүүчү адамдарды таап беришпейби. Же аны өздөрү аткарышпайбы? Мурда бул иштин баарын бир айыл эл өзү бүтүрүшчү. Мамлекеттик башкарууда эле эмес, Муфтиятыбызда да сабатсыздык орун алганын көрүп жатабыз.     

--Ачыгын айтынызчы, Муфтият бизди арабдаштырабыз дебей элеби?

--Мен жогоруда айтпадымбы, биздин имамдардын дээлик көпчүлүгү араб өлкөлөрүнөн билим алып келген аалымдар. Булар Кыргызстандагы шартты жакшы түшүнүшпөйт. Окушкан эмес. Бирок, булардын негизги милдети элди мусулманчылыкка чакыруу. Мен терең ишенем, сөөк чыккан үйдө мал союлбасын деген талап да элди мусулманчылыкка чакыруу, баш ийдирүү менен байланыштуу.

Б.а. имамдардын элди мусулманчылыкка чакырган ар кандай амалдары. Мисалы, өткөндө коомчулук Максат аттуу бир имамды катуу талкуу кылышты го. Мен анын бул аракетерин жакшы түшүнгөн эмесмин. Бирок, мен жакында ыраматылык Чубак ажынын сөөк чыккан үйгө мал союлбасын деп айткан билдирүүлөрүн уктум. Ошондон кийин гана мен мындай аракеттердин баары саясат экенин түшүндүм.

Себеби, Чубак ажы өз билдирүүсүндө маркумдун артында 4-5 баласы калса, сөөк чыккан үйгө мал сойдуруп, анын балдарынын ырыскысын жеп кетип жатасыңар деп, өтө катуу урушуп жатканын көрүүгө болот. Бирок, биринчиден, Кыргызстанда дайыма эле атасы өлүп, кичине балдар жетим калып жаткан жок да. Атасыз калгандардын баары эле колунда жок үй-бүлө эмес да. Экинчиден, кыргыздарда Чубак ажы же башка имамдардын мезгилинде эле аталар өлүп, балдар жетим калып жаткан жок да.

Үчүнчүдөн, сөөк койгондо же аш бергенде кошумчадан көп акча түшөт. Үй ээси бир торпок сойсо, кошумчадан катышыңызга жараша 2 торпок, 2-3 кой түшкөн учурлар көп. Ушунун баары, биздин имамдар арабдардан окуп келип, бизге мусулманчылыктын ошол жактагы нормаларын, тартиптерин киргизгени жаткандарын көрсөтүп жатат. Себеби, булар биздин байыркы традициялык нормаларыбызды билбей калган.

Төртүнчүдөн, кыргыз элинин каада-салттары жана үрп-адамттары Чубак ажы жана башка имамдарга чейин эле калыптанып калган да. Мисалы,  көчмөндөрдө эң алды менен кудай улук делген, андан кийин нан улук деп эсептелген. Нан баарынан, каада-салт менен курандан да улук деп эсептелген. Анан каада-салт, анан куран экенин СССРдин тажрыйбасы көрсөтүп турат. СССРде биз куранды, мечитти унуттук, бирок, каада-салтты унутканыбыз жок. Нан улук дегеним, бироо каза болуп, дегеле эч нерсе табылбаса, сөөктү жерге берип, соопчулук деп ортого бир сындырым нан коюп, куран окуп, кете берген.

Биздин айылдын үстүндө жалгыз, жалгыз мүрзөлөр бар. Илгери бир чакан топ адамдар кетип баратканда, ошол жерден бирөө жан берген экен. Сөөктү ошол жерде жерге беришет, тасмалга коерго нандан башка эч нерсе жок, нанды алдыларына коюп, куран окуп, кете беришкен деп коюшат.

--Анда биздин атактуу кыздарыбыздын чүмкөнүп жатканы да саясат экен да?

--Эми, алардын жеке турмушуна кийлигишпей эле коелу. Бирок, атактуу кыз-келиндердин чүмкөнүп жатышы да, мусулманчылыкты жайылтуунун бир жолу. Алар өтө таасирдуу да. Эжени көрүп сиңди өсөт дегендей.

--Батышчыл деп, батышчылдарды жаман көрсөтүп жаткан арабчылдарда чоң саясат барбы? Же биздин имамдар билип-билбей арабдаштырып жатабы? Же мунун артында мында да чоң саясат болушу мүмкүнбү?

--Ооба. Билип-билбей. Бирок, ошончолук саясаты да бар. Чоң саясат.

--Муфтияттагы ажылыкка байланыштуу коррупция жөнүндө көп эле жазылды эле го. Балким, бул оюндардын артында чоң акча турган жокпу?

--Ооба. Алда бар. Муфтияттагы ажылык  корруциясы илгертен эле бар болчу. Ал жакта миллиондогон доллар акчалар чогулат. Муфтияттагы акчаларды көзөмөлдөп жаткандар биринчи кезекте, Кыргызстан ислам өлкөсүнө айлануусуна жана кыргыздардын арабдашуусуна кызыкдар. Казакстанда да азыр Муфтияттын арабдаштыруу саясаты жана ал жакта чогулган милллиондордун кайда кетип жатканын сурап, бул проблеманы көтөрүп жатышат. Манас эпосунда Семетей тайларында Бухарада жашап жүргөндө мечит, медреседеги алтындарды алып, элге бекер таратып бергени бар. “Семетейге каршы чара көргүлө!” деп даттанып келген молдого таякеси “Балам мени тартып берешен, айкөл болгон турбайбы” деп унчуккан эмес. 

--Балким, Сауд Аравия өңдүү өлкөлөр молдолордун аракетерин жөнгө салып жаткан жокпу? Чындап эле алар бизди мусулман өлкөсүнө айландырганы жатпайбы? 

--Бул жерде бир өтө кооптуу саясат бар. Ачыгын айталы, Сауд Аравиясы дүйнө жүзүн бүт мусулман кылууга кызыкдар. Муну баары билет. Канчалык мусулмандардын саны көбөйсө, ошончолук Сауд Аравиясынын экономикасы өнүгөт. Аларга акча келет. Кыргызстандан жылына 4-5 миң адам чоң ажылыкка барып, Сауд Аравия өлкөсүнүн экономикасына миллиондорду калтырып келип жатышат. Ал эми кичи ажылыкка баргандардын саны самандай.

Биз аны көрбөй, сөөк узатуудагы бир жылкынын акчасын эсептеп, мал союга тыюу салып, элибизди арабдаштырганы жатабыз. Мамлекет башчыбыз стратегиялык негизде ойлонсо, өлкө Сауд Аравиясындагыдай аракеттенет жана өнүгөт. Ислам динин дүйнөгө таратып, ошонун негизинде элин багып жатат. Караханийлер каганатындагылар муну жакшы билишкен. Ошондуктан, алар арабдашып кетпеш үчүн араб графикасынын үлгүсүндө алфавит кылып, элдин баарын түрктөрдүн тилин үйрөнүүгө чакырган жана бизге осуят кылып калтырып кетишкен.

Чынын айтсам, биз Сауд Аравиясынын моделин алып, мусулман өлкө  болсок, анда экинчи Чеченстанга айланабыз. Алыс барбай Баткенди эле мисалга алсак жетиштүү. Кыргызстанды бандиттер, коррупционер-олигархтар башкарып калат. Сабаттууларга жашоого мүмкүнчүлүк жок болуп калат, алар өлкөдөн чыгып кетишет. Чыгып жатышат. Менимче, биздин бийлик ага барбаса керек. Бул жерде эки өлкө ортосундагы мамилелерди жөнгө салып, Саудиянын акчасын экономиканы турукташтыруу үчүн колдонуу кызыкчылыктары болсо керек.

--Президенттин Указы каада-салтка каршы документ катары каралып калышы мүмкүн деген сөздөр бар. Эгер ылайык көрсөңүз, ушул маселени мисалдар менен ачыктап бербейсизби?

--Президенттин Указында үрп-адаттарды иреттештирип алалы деген ниет айтылып жатат. Бүгүнкү турмуш реалдуулугуна туура келбегендерин жоелу деген сунуш айтылган. Биринчиден, анда сөөк чыккан үйдө мал союлбасын деген жери жок. Экинчиден, муну менен биз эски мыкты каада-салттарыбызды жандандырып, бүгүнкү реалдуулукка алып келүүгө жол ачылып жатат.

Мисалы, сөөк чыккан үйдү СССР учурундагыдай кылып кошумча менен колдоону жандандырып, аны күчөтсөк жакшы болот деп жатам. Мен жогору айтканымдай, кыргыздын каада-салттары караханийлер доорунда эле исламга ылайыкташтырылган. Мисалы, байыркы кыргыздарда адам 40 жашка чыкмайынча хандын жанына отурууга укугу жок болгон. Себеби, 40 чыкканда адам токтолот, акыл эске келет, ханга кеңеш бергенге жарап калат деп түшүнүшкөн.

Ошондуктан кыргыздар атасы тирүү турса, сакал койчу эмес. Атасын көп жашасын деген бала сакал койбойт дешчү. 40 жашка чыкканда мурут койчу, 60 жашта пайгамбар жашына келип калдым деп сакал койчу. Кудайга жакын болоюн деп намазга жыгылып, тазаланчу. Бүгүн болсо, балдар мектепти бүтөрү менен сербейтип сакал коюшат. Айылдагы классташтарын дааватка бар, мечитке бар, болбосо элден бөлүп салабыз деп коркутуп, динге мажбурлайт.

Сирияга барып адам өлтүргөндү үйрөнүп келип, кармалып кесилип кетип жатышат. Бала бакчаларды тартып алышып, мечит, медресе кылып жатышат. Өткөндө бир айыл өкмөт башчы медресени кайра бала бакча кылалы бергиле деп барса, “ким келип бала бакча кылам десе, үй-бүлөөңөр менен союп кетебиз, медресенин имаратын жардырып жиберебиз” деп коркутуп, кууп жиберишиптир. Ошого бийлик каада-салтты бузууга жол береши керек жана дин менен ойнобошу керек.

Кыргызда той-топур берүү да өзүнчө тартипке салынган. Мисалы, канча баласы болбосун ар бир адам өмүрүндө улуу баласын үйлөп же ага үй алып бергенде жана кичүү баласын үйлөнткөндө чоң той берген. Себеби, шатырата эле ар бир жакшылыгы үчүн той бере берсе куда-сөөк кошумча кошуп, кыйналып жаман көрөт деген түшүнүк болгон. Той-топурда кошумчадан көп акча тушкөн. Мисалы, СССР учурунда жанагы мал-мүлкү чамалуу үй бүлө той берсе, кошумчадан эле бир же эки торпок, 2-3 кой түшкөнүн көрүүгө болчу. Кошумча акчасын айтпаганда эле.  

Ошондуктан, атасы жок жетимдер каралбай калып, алардын ырыскысын сөөк узатууга келгендер жеп кетип жатат деген сөз - болбогон бир былжырак сөз. Бирок, ошол эле учурда кыргыз дайыма жамандык-жакшылык эске алып,  көз тийбесин, сугу өтпөсүн деп кан чыгарып турат. Кыргыз кан чыгарып той-тамаша өткөрүп, өзүнүн кайсы бир чекке жеткендигин белгилеп, өзүнө дагы да мындан чоң өрүштөргө жетүү үчүн шыктануу (мотивация) алат. Дагы куч-кубатка толуп, той берейин, соопчулук кылып, элдин батасын алайын дейт.

Ошол эле учурда тойдон көп пайда түшөт. Ошого айрымдар той өткөрүү үчүн атайы кредит алпы жатат. Айрымдар тойду бизнестей көрүп жатат. Түшкөн акчанын жарымын өз керегине жумшайт, жарымын кредитти жапканга жумшайт. Кредиттин калганын акырындык менен жабат. Той айыл жергесиндеги фермерлер үчүн жакшы, алар малын сатып жатат. Айылда акча айланып жатат. Ошого бир эсептен тойду тыйууга болбойт.

Демек, биз анын айрым аша чаап кеткен жерлерин жоюшубуз керек. Мисалы, жаштар үйлөнгөндө түштөнтүү деген чыкты. Класташтар же достор, коңшулар кудага келген ар бир адамга бирден бышырылган тоок тартуулашт. Же кой коюшат. Менимче, мындан көрө эки жашты чакырып, жаштарга акчалай жардам көрсөтүшүп коюшса туура го деп ойлойм. Кыязы, президент ушундай бир нерселерди жасап, каада-салтт, үрп адатты иретке келтирип алалы деп жатат.  

--Араб өлкөлөрүнүн азыркы маалда биздин жашоо-турмушубузга таасири чын эле күчтүү окшойт, исламчыл делген «Ыйман нуру» парламентке кирди. Кыргыз элинин кызыкчылыгын коргой турган парламент Муфтияттын фатвасына үн катып да койгон жок. Кийинки президент ашынган динчил болбойбу?

--Парламент алсыз. Бул маселени эч кимиси көтөрө албайт ал жакта. Көтөрсө, эмдигиче үн катпайт беле. Парламентте Президентке караганда К.Ташиевдин “Ата Журт” партиясынын таасири көбүрөөк. Президентин таасири аз. Түндүктүк депутаттар болгону 24 дешет.

А.Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» кыска мөөнөттө депуттарды өзүнө тартып алышы мүмкүн. Өткөн конфликтик ситуацияда А.Мадумаровго 40тай депутат тилектештигин билдиргенин айтып жүрүшөт. Б.а. парламент каалаган учурда президентке импеичмент берип коюшу мүмкүн.

Кийинки президенттик шайлоолордо эгер С.Жапаров экинчи мөөнөткө барбаса К.Ташиев, А.Мадумаров, Б.Талгарбеков,  А.Бейшеналиев ж.б. катышса керек. «Ыйман нуру» партиясы бийликтин контролунда. Ошого өзүнүн кандидатурасын көрсөтпөйт болуш керек.

Бирок, абал курчуп кетсе, А.Мадумаровду колдошу мүмкүн. Эгер тыштан колдоо келсе, бийликти алып коюштары толук ыктымал. Ошого бул бийлик динчилдерди парламентке алып келди. Бирок, динге жана динчилдерге өзгөчө артыкчылык берүү, акыры чоң чатакка алып келип, кан төгүүлөр менен аяктайт.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости