www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 млн 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости