www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров 11-февралда, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Глазьевди "Данакер" ордени менен сыйлаган

Анда Жапаров ЕАЭБ алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеген.

"Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалык кылган жылын инвестициялык жана кооперациялык кызматташууну чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө арноо маанилүү", — деген президент.

Жапаров Жогорку Кеңеш Евразиялык экономикалык форумду ушул жылдын май айында өткөрүү чечимин кабыл алганын эске салып, министрлер кабинети менен ЕЭКтин тыгыз байланышта кызматташуусу маанилүү экенин кошумчалаган.

ЕЭК министри Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси болуп дайындалганын айтып, форумдун программасын кабыл алуу зарылдыгына токтолгон. Анын айтымында, форумда инновациялык долбоорлорго көп көңүл бурулуп, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыкты жетишкендиктеринин көргөзмөсү пландалууда. Ал иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү экенин белгилеген.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Глазьевди "Данакер" ордени менен сыйлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости