www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-5-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын футбол союзу жана президенттик администрация уюштурган "Мурас" футбол мелдеши өтөт. Ага президент Садыр Жапаров да катышаарын мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, улуттук футболдун 100 жылдыгына арналган бул турнир жылына эки жолу өткөрүлөорүн Жапаров билдирген.
Бул жолу чемпиондук наам үчүн 12 тайпа ат салышат:
1."Президенттик аппарат" (жетекчиси Жапаров);
2."Өнөр" (маданият ишмерлери);
3."Бизнес" (бизнес коомчулугунун өкүлдөрү);
4."Журналист" (ЖМК өкүлдөрү);
5."Алга" (ата-мекендик футбол ардагерлери);
6."Спорттук федерациялар" (спорттук федерациялардын жетекчилери);
7."Жогорку Кеңеш" (парламенттин депутаттары);
8."Аймактар" (президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери);
9."Ыйман" (дин өкүлдөрү);
10."Элчилер" (чет мамлекеттердин элчилери);
11."Ден-соолук" (башкы дарыгерлер жана ооруканалардын башчылары);
12."Билим" (мектептердин директорлору жана жогорку окуу жайларынын ректорлору).
Турнир Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын түз эфиринде жана КТРК "Спорт" телеканалы аркылуу көрсөтүлөт.
Булак: NazarNews.kg