www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров иниси Улан Жапаровдун кармалышы боюнча "Кабар" агенттигине берген маегинде комментарий берди. 

"Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

“Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак",- деген. Мына менин комментарийим", - дейт өлкө башчы.

Эске салсак, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча шектелип, ИИМ тарабынан кармалган. 

 

Последние новости