www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттиги менен курган кезектеги маегинде акыркы кезде коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелерге жооп берди.
Анын ичинде мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын иши жана анын уулунун Ыстамбулда уурдалышы боюнча комментарий берди.
— Мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголду, кармалды. Динара Кутманова убагында сизди "Кумтөр" маселесинде катуу колдоп, кийин сиз бийликке келгенде жалгыз айым министр болуп иштеп, бирок анын ишмердүүлүгүнө карата ар кандай пикирлер айтылып келди. Ага кылмыш иши козголду. "Баламды бандиттер уурдап кетти, акча талап кылып атышат", - деп да чыкты. Ушул боюнча сиздин пикир кандай?
— "Баласын эч кандай эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур",- деп атышат.
Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акча каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башканын баарын айтып, көрсөтмө берди. Эми баласы келсе, ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деп билдирди Садыр Жапаров.