www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Ысык-Көл облусундагы жайлоодон минген аттар 2020-жылы шайлоочулар тарабынан аларга белекке берилген. Бул тууралуу "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасында билдирди.
"2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында "Мекенчил" партиясын жетектеп барган Камчыбек Ташиев эң алгачкы жыйынды 4-сентябрь күнү Садыр Жапаров туулуп өскөн айылдан (Түп районундагы Кең-Суу айылы) баштаган болчу. Жолугушууга чогулган эл тарабынан Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго аталып эки ат тартууланган. Камчыбек Кыдыршаевич тору атка минип, бирок Садыр Нуркожоевич ал кезде абакта болгондугуна байланыштуу ага аталган кара ат бош калган. Ошондо Камчыбек Ташиев калың элден ак бата алып, шайлоого аттанып жатып: "Буюрса, досумду алып келип, ушул атка мингиземин. Досумду абактан чыгарууга жардам бериңиздер. Кудай буюрса, Садыр Нуркожоевичти эл кызматына алып келебиз" деп, андан соң Кыргызстандагы бүтүндөй айыл-кыштактарга чейин кыдырып чыкканы белгилүү. Кудайдын буйругу менен, эл-журттун колдоосу менен ал ниеттер орундалды. Жараткан Камчыбек Ташиевди ошол күнү калың элдин алдында айткан тилек-максатына жеткирди.
Кызыгы, кечээ Каркыра жайлоосунда эки достун ат минген сүрөттөрү тарады. Баамдасаңыз, 2020-жылы Кең-Сууда ыйгарылгандай Садыр Нуркожоевич кара ат, Камчыбек Кыджыршаевич тору ат минип жүргөнүн көрдүк.
Бул эми жөн гана дал келүүчүлүк деле болушу мүмкүн. Бирок элибизде, динибизде бардык нерсе ниеттен, ыкластан көз каранды деп айтылат эмеспи. Кудайга чын дилиң менен ниет кылып, журөгүңдөгү бар ыкласың, бар күчүң менен аракет кылсаң, максатыңа жеткирет тура", - деп жазды ал.
Булак: NazarNews.kg