www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калифорниянын Марипоза округунда жапырт токой өртүнөн улам өзгөчө абал жарыяланды. Бул тууралуу Associated Press билдирет.

Ал 22-июлда башталып, эки күнгө жетпеген убакытта 50 чарчы километр аянтты каптады. Өрт байыркы секвоялары менен белгилүү Йосемит улуттук паркына жакындап баратат.

23-июлда аймакта жашаган 6 миңге жакын адам эвакуация буйругун алышкан. Буга чейин бир нече үй күйүп кеткен. Өрт электр чубалгыларынын бир нече участокторун талкалап, анын кесепетинен 2,6 миңден ашык имарат жарыксыз калып, адистер дагы эле электр менен камсыздоону калыбына келтире албай жатышат. Негизги магистралдар жабык.

Жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

400дөн ашык өрт өчүрүүчүлөр жер үстүндөгү оор техниканын жана авиациянын катышуусунда жалынды өчүрүүдө. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ошол эле учурда, өрт өчүрүүчүлөр Йосемит улуттук паркында 7-июлда чыккан дагы бир өрттү көзөмөлгө алууга жетишти.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости