www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, Россиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Матвиенко өлкөгө КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн келген.

"Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду", — деп айтылат кабарда.

Учурдан пайдаланып Садыр Жапаров Владимир Путинге ысык саламын жолдогон. Президент парламенттер аралык кызматташууга токтолуп, Валентина Матвиенконун жеке колдоосу менен парламенттик дипломатия эки жактуу кызматташуунун маанилүү каналына айланганын белгиледи.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко Владимир Путиндин саламын айтып, бир катар чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеген. Ал Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду россиялык ири компаниялар ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалаган.

Матвиенко Садыр Жапаровго өлкөдө орус тили колдоого алынып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн жетекчилеринин демилгеси менен Кыргызстанда заманбап тогуз мектепти куруу сыяктуу ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырыла турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости