www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте "Накшбандия" тарикатынын "мыйзасыз диний уюм түзүүгө" айыпталган 22 мүчөсүнө карата сот өкүмү чыкты.

Ага ылайык, айыпталуучулардын көбүнүн эркиндиги 2-3 жылга чектелсе, айрымдары камакка алынган. Алардын көбү Өзбекстандагы түрдүү мамлекеттик уюмдарда, жогорку окуу жайларда иштеген жана ишкерлик менен алектенген интеллигенция өкүлдөрү болуп эсептелишет.

"Озодлик" радиосу жакында эле колуна тийген өкүмдүн көчүрмөсүнө таянып, аны быйыл 31-июлда Ташкенттин Шайхантахур райондук соту чыгарганын кабарлады.

Өкүмгө ылайык, негизинен ишкерлерден турган (арасында бир профессор бар) интеллигентер тобу "мыйзамсыз диний уюм түзүү" жолу менен "Накшбандия" идеясын жайылтып жүргөн.

"22 кишиден турган кылмыштуу топ Өзбекстанда коомдук биримдиктер менен диний уюмдарды түзүүнүн жана диний иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин бузган. Тергөөнүн жүрүшүндө бул топ Түркиядагы "Накшбандия" тарикатынын лидерлеринен тапшырма алып, 2022-жылы октябрда мыйзамсыз түрдө "Мензил" уюмун (Түркияда "Мензил" жамааты деген аталыш менен белгилүү накшбандия коомчулугу) түзгөн", – деп жазылган соттун өкүмүндө.

Өкүмгө ылайык, алар Ташкент, Самарканд, Хорезм, Бухара жана Анжиян шаарларында "мыйзамсыз түзүлгөн" бул уюмдун өкүлчүлүктөрүн ачып, ал жерлерге өз өкүлдөрүн дайындашкан.

"Накшбандия" – Өзбекстанда тыюу салынбаган жана көптөгөн тарапташтары бар тарикат болуп эсептелет. Буга чейин бул тарикаттын өкүлдөрү бийликтин куугунтугуна кабыла элек болчу.

1993-жылы Өзбекстанда бул тарикаттын негиздөөчүсү эсептелген Бахауддин Накшбанддын 675 жылдыгы белгиленген. Ошол эле жылы анын Бухарадагы ыйык жайы рестоврациядан өткөрүлгөн. Анда Накшбанддын мемориалдык комплексинин ачылышына өлкөнүн ошол кездеги президенти Ислам Каримов жеке өзү катышкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости