www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Жолугушуу Бишкекте 2-апрелде өткөнүн өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

С.Жапаров соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясы ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи. Ал Кыргызстан менен Россия мындан ары да бардык тармактарда кеңири форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өз ара тыгыз аракеттешүүгө даяр экенин айтты.

А.Оверчук Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык өз ара урматтоо, тең укуктуулук жана эки жактын кызыкчылыктарын эске алуу принциптеринде курулгандыгын белгиледи. Ал ошондой эле мамлекет башчысын Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин ийгиликтүү чечилиши менен куттуктап, эки союздаш ортосундагы тынчтык жолу менен жөнгө салуу Россия үчүн бүткүл Борбор Азиядагы туруктуулуктун маанилүү фактору экенин айтты.

Алексей Оверчук эки өлкөнүн

интеграциялык бирикмелердин (ЕАЭБ, КМШ, ШКУ, ЖККУ) алкагындагы, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы жигердүү жана жемиштүү кызматташтыгы тууралуу айтты.

Последние новости