www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-декабрда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарында Президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода-экономикалык, финансылык, маданий-гуманитардык жана миграциялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашты жана кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттануу билдиришти. 

Садыр Жапаров бул жолугушуу Владимир Путиндин ноябрда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин көп өтпөй болуп жатканын айтып, жогорку деңгээлдеги Кыргыз-Россия диалогунун туруктуу мүнөзүн өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого шарт түзгөнүнө ишеним билдирди. 

Өз кезегинде Владимир Путин Садыр Жапаровго анын жакында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндөгү мазмуну жана түзүлгөн жылуу маанай үчүн ыраазычылык билдирди.

Россиянын Президенти бул сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берерин баса белгилеп, ЕАЭБдеги бардык кесиптештери менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө мазмундуу талкуу болот деген ишенимин билдирди. 

Майрамдардын алдында Кыргызстан менен Россиянын лидерлери бири-бирин Жаңы жылы менен куттуктап, эки өлкөнүн элине туруктуулук жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүү каалашты.
 

Последние новости