www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, Нооруз майрамына карата бир тонна салттуу сүмөлөк даярдалып жаткан Баткен шаарынын борбордук стадионуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчы, салтка ылайык, каалоо-тилектерин айтуу менен сүмөлөк даярдалып жаткан казанды аралаштырды.

Ошондой эле, Садыр Жапаров төкмө акындардын ырын угуп, Баткен облусунун тургундарынын алдында сөз сүйлөдү.

Ал чогулгандарды жазгы күн менен түн теңелген Нооруз майрамы менен куттуктап, Баткен облусунун элине ийгилик, бакубатчылык, токчулук жана тынчтык каалады.

“Кыргызстан Баткенден башталат” деген Мамлекет башчысы Исфана шаарынын атын Раззаков шаары деп өзгөртүү жана өзү кошо катышып жаткан Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу иш-чаралар Баткен облусунун гүлдөп-өнүгүүсүнө дем берүү максатында өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Президент төкмө акындардын өнөрүнө көңүл бөлүп, кыргыздар эзелтен кол өнөрчүлөрдү, манасчыларды жана акындарды баалап, урматтап келгенин белгиледи. “Биз аларга шарттарды түзүп жатабыз, муну мындан ары дагы улантабыз”, - деди ал.

Мамлекет башчы Баткен облусу өзгөчө макам алганын жана анын тургундары белгилүү бир жеңилдиктерге ээ болгонун эске салды. “Мамлекеттин бардык аракети, мүмкүнчүлүктөрү Баткенди өнүктүрүүгө багытталган”, - деген Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундарды дагы бир жолу Нооруз майрамы менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости