www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр, бирок алар ишке ашпай калса, бул үчүнчү дүйнөлүк согушту билдирет. Бул тууралуу Украинанын президенти CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

"Мен аны менен сүйлөшүүгө даярмын. Мен акыркы эки жылдан бери даяр экенимди айтып келем. Менимче, сүйлөшүүлөрсүз биз бул согушту токтото албайбыз. Учурда биз согушту токтотуу үчүн каалаган форматты, каалаган мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек. Эгерде Путин менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү ишке ашпай калса, үчүнчү дүйнөлүк согуш дегенди билдирет", - деп билдирген Зеленский.

Ошондой эле, Зеленский украин тарап ар дайым сүйлөшүүлөрдү талап кылып, диалог жана тынчтык жолу менен чечимдерди сунуштаганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин бир нече жолу Зеленский Путин менен сүйлөшүү үчүн аракет кылып жатканын маалымдаган. Ал эми, Орусия тарап бул жөн гана жолугушуу эмес, маселеге чечим чыгарган сүйлөшүү болуусу керек деп билдирген. Анткени эки тараптын буга чейинки сүйлөшүүлөрүнөн алгылыктуу жыйынтык чыккан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости