www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоганга токой өртүнөн адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«Түркия Республикасынын Эскишехир провинциясында болгон токой өртүнүн кесепетинен каза болгондор тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына, бүтүндөй Түркия элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы токой өрттөрүн алдын алуу жана өрттү өчүрүү боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем», - деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президентинин телеграммасында.