www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды аталган өлкөлөргө баруудан карманып турууга чакырды.

Министрлик ошондой эле бул өлкөлөрдө убактылуу же туруктуу жашап жаткан кыргызстандыктарга этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтердин, ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин эскертүүлөрүнө көңүл бурууну сунуштады.

Өзгөчө кырдаалдар жаралса, жарандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:

Кыргызстандын Куала-Лумпур шаарындагы элчилиги: +996 500 244610 (WhatsApp)

ТИМдин ыкчам байланыш номери: +996 999 312002 (WhatsApp)

Последние новости