www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат

Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алаарын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикее билдирди.

"Президент Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин көтөрүү, аны заманбап ыкчам кызмат катары өнүктүрүү багытында иштерди аткарып келе жатабыз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Түштүк Кореядан расмий делегация келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул көп этаптуу сүйлөшүүлөрдүн соңку баскычы.

Аталган тик учактар Korea Aerospace Industries (KAI) заводунда даярдалып жатат. Катаал жана тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыкталып, жылдын төрт мезгилинде колдонууга мүмкүн болгон тик учактар авиация жарандык коргонуу, издөө-куткаруу, гуманитардык, медициналык жана көптөгөн пайдалуу максаттарда колдонулат", - деди министр.

Ошондой эле ал техникаларды алуу оңойго турбаганын белгиледи. Эки тик учактын баасы 71 млн доллардын тегерегинде.

"Мында эң маанилүүсү каржылоо шарттары. Түштүк Корея тарапка өтө төмөн пайыздык чен менен, узак мөөнөттүү, жеңилдетилген шарттарда каржылоосун сунуштап, макулдугун алып жатабыз. Башкача айтканда, процент дээрлик нөлгө жакын (0,1%), ал эми төлөө убактысы 40 жылга созулуп, анын ичинде 10 жылдык жеңилдик мөөнөтү каралган.

 

Мындай шарттар дүйнөлүк практикада сейрек кездешет. Көпчүлүк өлкөлөр бул деңгээлдеги техниканы жеңилдетилген тартипте сатып ала албайт. Бүгүнкү кабыл алынган чечим, келечектеги чыгымдардын алдын алууга, адам өмүрүн сактоого стратегиялык салым болуп эсептелет.

Өлкөбүздүн коопсуздугуна багытталган инвестициябыз эл үчүн мындан да баалуу жыйынтыгын берет деп терең ишенем”, - деп Ажикеев.

Последние новости