www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров мурда жашаган үй сатылды

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берген үй сатылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Белгилүү болгондой, турак үй апрель айында 28 млн 50 миң сомго сатылган.

Аны сатып алган адам аты-жөнүн ачыкка чыгарбоону суранган. Үй Бишкек шаарындагы Худайбергенов №81а дарегинде жайгашкан. Президент ипотекалык компанияга белекке берген үй алгач өткөн жылы ноябрь айында аукционго коюлган.

Анда ал 33 млн 700 миң сомго бааланган болчу. Бирок үй сатылбай калгандыктан, ипотекалык компания декабрь айында кайрадан аукцион жарыялаган. Анда үйдүн баштапкы баасы 28 млн 46 миң 800 сомго төмөндөтүлгөн болчу.

Турак үй 2010-жылдан бери бала бакча катары пайдаланылып келген. Садыр Жапаров үйдү 2005-жылы сатып алганын, 2010-жылы башка үйгө көчүп кеткенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости