www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенде эркектер кайрадан ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилип, сакалын алууга мажбурланууда. Алардын биринин айтымында, аны жана анын жетекчисин 15 суткалык камак менен коркутушкан, ошондон кийин ал сакалын алууга макул болгон.

“Инстаграмда” 1,3 миллион катталуучусу бар Абдурахмон Муфид (Abu Vines) каймана аты менен белгилүү вайнер Абдурахмон Абдурахмонов баракчасына сакалсыз сүрөтүн жайгаштырды.

“Акылмандык баардык нерседе бар. Өзүңөр көрүп тургандай сакалым алынган. Сураныч, эмне болгонун, эмне үчүн сакалымды алганымды, баары жакшыбы, маселе барбы-жокпу, сурабагыла. Балким мага жооп берүү кыйын болот. Бирок муну көргөн жана бул тууралуу билген кишилер түшүнөт деген ниеттемин. Эмне десем? Жаратмандыкты, элдерге дем берүүнү уланта берем. Мен силерди жакшы көрөм” , - деп жазды ал.

“Фейсбуктун” дагы бир колдонуучусу Мухаммадюсуф ибн Кобил райондук ички иштер бөлүмүнө барып келгенден кийин сакалын алууга туура келгенин жазып, сакал жана сакалын алгандан кийинки сүрөтүн жайгаштырды.

Мухаммадюсуф бөлүмдө кеминде 10 киши болгонун, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларды да сакалын алууга мажбурлаганын, болбосо 15 суткага камалышарын айтып коркутушканын ырастоодо.

Өзбекстан ИИМинин маалымат катчысы Шохрух Гиясов кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды жарандардын диний ынанымы менен байланыштыруу туура эмес экенин айтты. “Эгер жаран конституциялык укугум бузулду деп эсептесе, белгиленген тартипте арызданса болот”, - деди ал.

2019-жылы укук коргоо органдары Ташкендеги "Малика" базарында да сакалы бар ондогон кишини кармап, милиция бөлүмүнө жеткиргенден кийин сакалдарын күчтөп алдырышкан. Анда бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткан. 2021-жылы февраль айында да аталган базардын соодагерлери полиция кайрадан сакалдарын алууга мажбурлап жатышканына даттанышкан. Ташкен шаардык ички иштер башкармалыгы мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости