www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” атту китеби жарык көрдү. Аталган китептин жарыяланышы эгемен элибиз өзгөрүүлөрдү эңсеп турган учурга дал келди. 

Автор белгилегендей, китепте өзөктүк мазмунга ээ болгон ойлор кыска, так маанисинде гана айтылган. 

NazarNews маалымат агенттиги президенттин китебинен үзүндүлөрдү окурмандарга сунуштайт:

"Кыргыз улутунун тарыхы өтө тереңден башталары айныгыс факт. Эгемен мамлекет болгонубузга 30 жылдан ашса да, өз тарыхыбызды ар тараптан изилдеп чыгып, учурунда ар кандай себептер менен бурмаланган, же айтылбай жашырылып, көмүскөдө калган анын “чыныгы жузун” өз ордуна коюшка бүгүнкү күнгө чейин чамабыз жетпей келатат. Бул өкүнүчтүү.

Тарых - улутка дем берип, анын жок болбой сакталып турушуна азык берүүчү башкы булак. Өз тарыхыңды жакшы билүүгө кызыкдар болбосоң, урматтап уруна албасаң, анда улут катары жоголууга багыт алганың. Ошондуктан, улуттун өз тарыхын урматташы, муундан-муунга аздектеп калтырышы - анын жашоодогу жан азыгы.

Али тактала элек, миңдеген жылдардан да ашык мезгилди камтыган кыргыз элинин тарыхын толук изилдеп чыгуу үчүн окумуштуу адистерге шарт түзүү - эгемен мамлекеттин бирден-бир милдети. Жакынкы убакыттарда муну аткарууга киришүүгө өзгөчө маани берилип колго алынмакчы.
А.Н.Бернштам: “Кыргыздардын тарыхы эң байыркы замандардын тереңине, б.з.ч. VI миң жылдыкка барып такалат. Кыргыз элинин тарыхы - Афанасьев дөбө маданиятынын археологиялык эстеликтери боюнча байыркы кыргыз коомунун келип чыгышына негиз болгон диндин этногенезин талдоодон башталууга тийиш”, - деп жазат (Бернштам А.Н., “Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана”, т. 1-2. Б. 1998.)

Ал эми академик В.В. Бартольд көлөмдүү “Кыргыздар” деген эмгегинде: “Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Борбордук Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир да эл болбосо керек”, - дейт. (В.В. Бартольд, “Кыргыз жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер”. Б. 1197.-16 б.). 

Дүйнөлүк атагы бар бул окумуштуулардын кыргыз эли жөнүндө өз изилдөөлөрүндө суктанып сөз кылышканы биз үчүн сыймык. Кезек өз окумуштууларыбыздын жана жогорку илимпоздордун изилдөөлөрүн тереңдетип иликтеп, изилдеп-бышыктап иштеп чыгышта калды.
Биз дайыма тарыхыбызга кайрылып, байыркы улуттук материалдык маданиятыбызды, жашоо-турмушубуздагы нарк-насилдерибизди, руханий казынабызды, улуттук оюндарыбызды, дасторкондогу тамак-ашыбызды сыймыктануу менен көрсөтүп жүрөбүз.

Ал эми көчмөн цивилизациясын жана анын дээрлик жок болуп бараткан айрым атрибуттарын бүгүнкү күнгө чейин сактап келе жаткан бирден-бир улут экенибизди “Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын” жергебизде өткөзгөндө даңазалап белгилей алдык жана дуйнө элин суктандырдык.

Өткөнүбүзгө суктанып кеп кылуу менен бирге эле, чынын айтсак, ашыкча идеалдаштырып да жиберебиз. Анын себеби, өткөн бир кылымдарда, Кыргыз каганаты дүйнөнү дүңгүрөтүп империя болуп турганда, так ушул биз бүгүн сыймыктанып кеп кылган маданий, руханий нарк-насилди, салттарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү жараткандыгынан болууда. Бүгүнкү музыкалык аспаптарыбыз, улуттук өзгөчө кийимдерибиз, материалдык маданиятыбыз, тамак-ашыбыз, кол өнөрчүлүгүбүз, өзгөчө бай оозеки чыгармачылыгыбыз, кыскасы, улуттук акыл-парасатыбыз, руханий дүйнөбүз элүү-алтымыш жылда да жарала калган эместир. Анын жаралышына жана туруктуу калыптанышына жүздөгөн жылдар кеткени анык. Демек, узак мезгилдер бою ар тараптан гүлдөп, өсүп-өнүккөн эгемен мамлекет болгонубуздун кашкайган далили ушул эмеспи.

Бүгүн эгемен мамлекет болуп, өз туубуз колубузга тийип турганда эмне үчүн кайрадан жаңырып өсүп-өнүгүп, байыркы улуттук баалуулуктарыбызды сактап калуу менен бирге эле бүгүнкү дүйнөлүк агым менен үзөнгүлөш жаңы руханий-маданий, илимий, бакубат жашоо багыттарыбызды жаңылоого умтулбашыбыз керек? Эмне үчүн креативдүү өндүрүштөрдү ачууга, санариптештирүүдө алдыңкылардын катарында болууга, жашыл экономиканы жаратуучулардын сап башында турууга кыялданышыбыз керек? 

Биз бүгүнкү күнгө чейин адамзат тарыхында өзүнүн бараандуу орду менен келе жаткан көчмөн цивилизациясын жаратууга эбегейсиз чоң салым кошкон өзгөчө улутпуз. Демек, улут катары өз ордубузду табуу менен эле чектелип калбастан, азыркы дүйнөлөшүү агымында адамзаттын өсүп-өнүгүшүнө өз салымыбызды эмне үчүн кошпошубуз керек? Кантсе да биз бир мезгилде ошондой ийгиликти жараткан улут эмеспизби. Так ушул тээ түпкүрдө жаткан уютку асыл мурасыбыз демибизге дем кошуп, ЖАҢЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРУУГА багыт алган идеяны жаратты. 

“Жакшы тилек - жарым ырыс” - деп акылман элибиз бекер айтпайт. Жакшы тилек менен улуу жолдун алгачкы ташын коюп иш баштасак, келечегин түздөсөк, аны кийинки муундарыбыз улап, кыргыз улуту кайрадан дүйнөлүк атак-даңкын жаңыртып жаратуусу толук мүмкүн. Андай жаңырган жаңы Кыргызстанды курууга бери болгондо 20-30 жыл кетерин баары эле түшүнөт деп ойлойм. Ошондуктан, алдыда баарыбыз биргеликте бел чечпей иштей турган иштер арбын.

Демек, бүгүнкү дүйнөлүк өсүшкө, илимий, маданий жетишкендиктерге төп келишкен, керек болсо алардын алдыңкысы болуп жол баштагандардын сабында турган жаңырган жаңы Кыргызстанды курууга толук мүмкүнчүлүгү бар мамлекет экенибизге ишеним менен кароого чакырат элем.

Келгиле, кыргыз жергесинде жашаган көп этностуу элибиз менен биргеликте ЖАНЫ КЫРГЫЗСТАНДЫ КУРУУТА чогуу кадам таштайлы".

Уландысы бар...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости